www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Төңкөрүш десе эле зсибизге 2002-жылы 17-марттагы Аксы коогалаңы, 2005-жылы 24-марттагы жана 2010-жылы 6-7-апрелдеги кандуу революция-төңкөрүштөр эске түшөт. Эми маданий төңкөрушкө да маани берсек туура болчудай. Жүүттөр Египеттиктерден кулчулуктан бошонгондо Муса пайгамбар алардын аң-сезиминде кулчулук психология жок болсун деп 400 жылдай жер кездирип алып жүргөн имиш.
Анын сыңары, адилетсиздикке көнбөгөн элибиз бийлик адилетсиздикке ыктап баштаганда эле Ак үй-Көк үйүнө кирип барып, үстөл кучактап отургандарды көчүккө тээп кууп чыкмайга ык алып бараткан.
Эми андайды унуталы деген ниет менен 24-март менен 7-апрелдин ортосундагы күндөрдө маданий теңкөрүш өткөрүү демилгеси менен чыгышты. Демилгелерине баракелде. Айтматов баш болгон жазуучу-акындардын чыгармаларын талкуулашып, жалпысы 50дөн ашуун иш чара өтөт экен.
Дагы бир ыраазы болчу жагдайы - кыргыздын курут, талкан, чабатысынан тарта төрт түлүк малдын азыгын мындай коюңуз, ал турмак туяк, мүйүздөрүнөн да улуттук сувенирлер, буюм-тайымдар жасайлы деп жатышат.
Кыргызстандын экономикасынын өз жүзү, азыктарынын өз даамы болуш керек дешет. Азаматтар десе! Табьлды Эгембердиев деген уулубуз жарма, шоро, максымыбызды эл аралык деңгээлге чыгарып, улуттук тамак-ашты эл аралык чүйгүн тамакка айлантса болоорун далилдеди го. Тимати деген реппердин бекер берген бургерин жегенге Өмүркулов, Келдибеков деген саясатчыларыбыз келгени эмне максат менен болду экен?
Бекер нан жегенге жутунгандар андан көрө курутан жасалган чупа-чуп, талкандан жасалган шокалад, эзилген курутка талкан кошулуп жасалган суусундук ичкенди артык көрүшөбү же баягы эле Батыштын, Кытай менен Россиянын, Түркия менен Япониянын азыктарына артыкчылык бере беришеби? Маданий төңкөрүштүн бир өңүтү ушул жакта жатпайбы.
Булак: "Ачык саясат плюс" гезити