www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тоолуу Карабактын Коргоо министрлиги Азербайжан кол салууга аракет кылгандан кийин запастагы үч аскердин жаракат алгандыгын жарыялады.

“11-декабрда саат 20:40 чамасында душман түштүк багытта жайгаштырылган Коргоо армиясынын күжүрмөн позицияларына кол салууга аракет кылды. Андан кийинки атышуунун натыйжасында, үч запастагы аскер кызматкери октон ар кандай даражадагы жаракат алышкан. Азыркы учурда алардын өмүрүнө эч кандай коркунуч жок”,- деп айтылат аскердик ведомствонун башчысы.

Буга чейин Азербайжандын маалымат каражаттары “Армения Хадруд аймагында куралдуу провокация уюштурган, натыйжада азербайжандык жоокер жаракат алган”,- деп билдирген. УКРнын аскер башкармалыгы бул маалыматты четке каккан.

Эске салсак, Карабакта 10-ноябрдан бери ок атышпоо режими орнотулган. Тиешелүү билдирүүгө Армения, Азербайжан жана Россия кол коюшкан. Жаңжалдын курчушу 27-сентябрда башталып, андан бери элдешүү келишимин түзүүгө бир нече жолу аракет жасалган, бирок аткылашуу кайрадан башталып, согуш улана берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости