www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төө-Ашуу жана Өтмөк ашуулары убактылуу жабылды

Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел жана Өтмөк ашууларында транспорттун бардык түрлөрү үчүн кыймыл убактылуу чектелгендигин Транспорт министрлиги билдирди.

Мындай чаралар нөшөрлөгөн жаан-чачынга жана кар күрткүсүнө байланыштуу көрүлүп, ашууларда көрүнүү минималдуу болуп, натыйжада унаалардын кыймылы солгундады. Чектөөлөр «Сосновка», «Арал» жана «Кара-Көл» постторуна киргизилди.

Учурда Транспорт министрлигинин кызматкерлери жолду тазалап, толтуруп, кеңейтүүдө. Жол кызматтары жол кыймылынын бардык катышуучуларынан сак болууну жана аралыкты сактоону суранат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости