www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Тоолуу Бадахшан автоном облустук башкармалыгындагы "үч сааттык сурактан" кийин Хорог шаарынын тургуну өз өмүрүнө кол салды.
Pamir Daily News басылмасынын маалыматына караганда, окуя 8-июлда болгон. 32 жаштагы Адис Тутишоев учурда жергиликтүү оорукананын реанимация бөлүмүндө жатат. Азырынча анын эмне себептен мындай кадамга барганы белгисиз. Бул боюнча расмий органдар эч кандай комментарий бере элек. Анын жакындары да журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тартууда.
Тутишоевдин үй-бүлөсү менен жакындан тааныш булактын айтымында, ал өз кекиртегин кесип жиберген. "Туугандары Адисти дароо ооруканага жеткиришти. Анын суракка алынышы акыркы окуяларга байланыштуу болушу мүмкүн. Сурактын себептери тууралуу эч ким так айтпай жатат", – деди ал.
Ачык булактарда Адис Тутишоев тууралуу дээрлик эч кандай маалымат жок. Хорогдун тургундарынын айтымында, ал "эч кандай уюмдун мүчөсү болгон эмес жана кичи ишкерлик менен алектенип жүргөн".
6-июлда Хорог шаардык ички иштер башкармалыгы Рошткали районунун 68 жаштагы тургуну Абдурахим Гулобовду суракка чакырып, эртеси анын сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилгени кабарланган.
Маркумдун жакындары ал мергенчилик курал сактаган деген шек менен суракка чакырылганын, бирок анда эч качан курал-жарак болбогонун билдиришкен. Укук коргоо органдары Гулобов эмне себептен каза болгону боюнча маалымат берген жок.
Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Рошткали району менен Хорог шаарынын айрым тургундары "антитеррористтик операция" аяктаганы расмий кабарланганы менен аймактын жашоочуларын куугунуктоо жана кармоо көрүнүштөрү уланып жатканына даттанууда.
Тоолуу Бадахшанда быйыл май айында көптөгөн адам катышкан митингдер болуп, бийлик аймакта "антитеррористтик операция" баштаганын билдирген. Расмий маалыматтарга ылайык, ал операциянын жыйынтыгында 16 адам каза болуп, 200дөн ашык киши кармалган. Жергиликтүү тургундар курмандыктар кыйла көп болгонун айтып келишет.
Булак: NazarNews.kg