www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Игорь Леонидович, дүйнөдө эмне болуп жатат? Украина-Россия согушу боюнча биз кандай позицияны карманышыбыз керек?

- Дүйнөдө кандайдыр бир иреттелүү жагдайы жүрүп жатканын байкайбыз. Америка бир полярдуулукту туу тутуп, Вашингтон өзүнүн өкүмүнүн жардамы менен күн тартибин орнотуу максатын көздөгөнсүйт. Муну биз Россияга жасап жаткан санкцияларынан байкап жатабыз. Ал эми Кытай менен Россия көп полярдуулукту карманып, ар бир мамлекеттин көз карашын эске алуу, алар менен эсептешүү жагын көздөп атышат. Россия менен Украинанын согушунда Кыргызстандын бейтараптуу позициясын Америка туура түшүнүү менен кабылдайт деп ойлойм.

- Кыргызстандагы саясый абалды кандай баалайсыз, туруктуулук кармалып жатабы?

- Салыштырмалуу түрдө туруктуу деп айта алам. Биз көнүп калган митинг, пикеттер, саясый оппоненттердин бир тараптуу бийликти ашкере сындап аткандары байкалбайт. Локалдуу түрдө Жогорку Кеңеште, соцтармактарда гана бийликтин кемчиликтерин ачык айткан аз сандагы адамдарды байкап атабыз. Бирок, үчүнчү күчтү такыр эстен чыгарбоо керек. Мындайлар бизде болуп келген эмеспи. Ошол эле коңшу Казакстанды алалы, январь айынан бери ушу кезге чейин бир беткей боло элек.

- Мамлекетти мамлекет кылган анын экономикасы да. Учурда биздин мамлекетибиздин бул тармагын кандай сыпаттайт элеңиз?

- Биздин экономикабыздын өйдө-ылдый болушу коңшу мамлекеттердин ушу кезге чейин түзүп келген жагдайларынан көз каранды. Азык-түлүктүн 70-80 пайызын чет элден апкелебиз. Өзүбүз болсо 20-30 пайызын гана камсыздайбыз. Жакынкы арада ушу жагдай кармалып турат. Бул пайыздыкты биз жакка өсүш кылалы десек, өкмөт чакан жана орто ишкерлерди колдоп, бут тоспой, эркин өнүгүү жолуна жардам кылганы дурус.

Булак: Азия News гезити

Последние новости