www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орус президенти Владимир Путин 8-июлда Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда биргелешкен аймактык абадан коргонуу системасын түзүү боюнча буйрукка кол койду. Документ аталган мамлекеттин расмий документтери жарыяланган сайтка жайгаштырылды.

Буйрукта Орусиянын Коргоо министрлигине Тышкы иштер министрлигинин катышуусунда Кыргызстан тарап менен сүйлөшүү тапшырылган.

Учурда Кыргызстандын расмий органдары бул маалымат боюнча комментарий бере элек.

Кыргыз бийлиги Орусия стратегиялык өнөктөш экенин айтып келет. Эки өлкө Евразия экономикалык биримдигинде жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунда (ЖККУ) мүчө мамлекеттер. ЖККУнун алкагында ар кандай аскердик машыгууларды өткөрүп келет.

Кыргызстанда Орусиянын бир нече аскердик объектиси бар. Алардын эң чоңу - Канттагы аскердик аба базасы. Буга чейин Орусиянын Кыргызстандагы аскер объектилери бирдиктүү аскердик аба базасына бириктирилген. Анын курамына Канттагы аскер-аба майданы, Ысык-Көлдөгү Кой-Сары жана Кара-Булуң торпеда сыноо полигону, Чалдыбардагы байланыш түйүнү жана Майлуу-Суудагы сейсмикалык борбор кирет. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости