www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азербайжандын Башкы прокуратурасы акыркы суткаларда чек арага жакын жайгашкан шаарлар менен калктуу конуштарда 70ке жакын жай тургун каза болуп, 300дөн ашыгы жаракат алганын билдирди. Өз кезегинде Армения да аскер кызматкерлери менен жарандык адамдарын жоготконун жарыялады.

Белгилей кетсек, Баку Ереванды Азербайжандын бир нече районун, анын ичинде Тертер жана Барда шаарларын аткылоого айыптады. Өлкөнүн Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, аткылоолордон 19 киши мерт болуп, дагы 60 жай тургун жаракат алды.

Ошондой эле Ереван Тоолуу Карабак «Смерч» реактивдик системасы менен аткыланганын, кеминде бир киши өлүп, экөө жарадар болгонун билдирди. Армения тараптын маалыматына караганда, куралдуу кагылышуулар башталган бир айдан бери Ереван миңден ашык жоокерин жоготту.

Эске салсак, Баку менен Ереван Тоолуу Карабак аймагы үчүн 1980-жылдын аягынан бери касташып келет. Армения колдогон жикчилдер 1990-жылдардын башында Азербайжандын негизинен армян улутундагылар байырлаган бул аймагын ээлеп алган.

Ал эми быйыл 27-сентябрда Тоолуу Карабакта куралдуу чатак кескин курчуп кеткен. Эскалация үчүн Баку менен Ереван бири-бирин күнөөлөп жатышат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости