www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айына миллион сом алган адам кантип вице-премьердин 43 миң сомдук жарыбаган айлыгына келсин. Бул өзү жомок. Дагы бир жомок кыргыз эли үчүн ушундай заманда Эркин Асрандиев сыяктуу миллион сом алгандар да барбы? Ал кездеги өкмөт башчысы Абылгазиевдин жакын туугандары үчүн мындай акчалар кеп беле. Алар 10 миң евро, миллион сомдук орундарда иштеп келгенин дудуктан башкасы билет. Бул тууралуу маалымат беттеринде кенен жазылып келген. Ошол эле экс- премьер-министр Абылгазиев: “Бабанов элге 25 миң сомго орточо айлыкты көбөйтөм деген. Мен орточо айлыкты 26 миң сомго көтөрөм” деп дардаңдап жиберген. Орточо айлык эмгиче көтөрүлө элек, 5 миң сом айлыкты бир айга чоюп жеткизип жашап жаткандарды көргөндө, элдин бары Абылгазиевдин туугандарына окшоп миллион сомдон айлык алсак, Кыргызстанда жашоо жакшы болот эле деп үшкүрүнүшөт. Миллион сомду койолу инфляцияга карап Абылгазиев өзү айтып жаткан 26 миң сомго айлыктарды көтөрүп кетсе болмок.
Эркин Асрандиев Орус-кыргыз өнүктүрүү фондун 2017-жылдан бери Атамбаевдин амири менен жетекчиликке келет. Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду соодага эмес, Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн аракет кылыш керек. Бирок, Атамбаевдик май-талканга ээ болгон Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Кубаныч Кулматов мыйзам боюнча тыюу салынган соода-сатыкка да акчаларды бөлүп жиберет. Бир гана мисалды айтсак ал 2017-жылы Өмүрбек Бабанов соода-сатыкты өркүндөтүш үчүн “Азиямолл” супермаркетине 17 миллион долларды берип жиберген. Колу ачык, март Эркин Асрандиев 2016-жылдан баштап Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун Башкармасынын мүчөсү болуп, бул акчалардын берилиши негизсиз экенин билип турса да Башкармасынын мүчөсү катары берүүгө макулдугун берген.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg