www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ракты чакырган азыктар

Кумшекер менен малдын этин өтө көп колдонуу рактын өрчүп кетүү тобокелчилигине алып келет. Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору, РУДН окуу жайынын онкология жана хирургия кафедрасынын башчысы Константин Титов билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Дарыгердин айтымында, кумшекерди көп колдонуу ашыкча салмакты пайда кылат. Бул гипертониялык ооруларга гана эмес, ракты чакырган кант диабетинин экинчи тибине да кептейт.

"Анан эмчек рагы, уйку безинин рагы сыяктуу залалдуу шишиктер пайда болот", — деди Титов.

Жатканда бел ооруйт. Рактын өзгөчө белгиси аталды

Адис белгилегендей, шишик өрчүш үчүн "тамактанат". Ал эми глюкоза ага миңдин бири. Башкача айтканда, шишик глюкозанын жардамы менен чоңоёт. Дарыгер кант диабетине кабылганда уйку безинин клеткалары инсулин бөлүп чыгара албай каларын эскертти.

Ал эми мал этинин курамында, айрыкча куурулган этте канцероген көп. Бул зат дагы ракты чакырып, анын өрчүшүн шарттай турганы маалым болду.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости