www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы кырдаалга байланыштуу тышкы инвесторлор күтүү режимине өтөт. Бул тууралуу Борбордук Азия боюнча россиялык талдоочу Аждар Куртов билдирди.

Анын айтымында, учурда Кыргызстанга инвестиция боюнча кеп козгоого мүмкүн эмес.

«Кыргызстандагы үчүнчү төңкөрүштөн кийин өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугу боюнча кеп козгоо күлкүлүү көрүнүш. Азыр тышкы инвесторлор күтүү режимине өтөт. Кырдаал бир аз турукташкандан кийин, Кыргызстандагы ишин чыгымсыз токтото албаган инвесторлор жаңы бийлик менен келишүүгө аракет кылат. Албеттте, анда формалдуу эмес жолдор дагы каралат», — дейт Аждар Куртов.

Анын пикиринде, бийлик парламенттин имаратын тоноодон токтото албагандан кийин, борбор калаадан алыс чарбалардын жана чет элдик бизнестин коопсуздугуна эч кепилдик жок.

«Кыргызстандын тоолорунда жайгашкан кен казуучу жайларга кандайдыр бир коркунуч туулса, ал жакка дароо күч органдарын жеткирүү мүмкүн эмес. Парламенттин имараты — бийликтин символу болсо, а кен казуучу жай ал өлкөнүн бюджетин толтуруп турган булак болуп саналат», — дейт талдоочу.

Куртов: - "Тилекке каршы, Кыргызстанда инвесторлорго кол салгандар жоопкерчиликке тартылбай калышы адатка айланды".

«Буга чейин болгон окуяларга сереп салсак, чет элдик бизнесмендерди коркуткан, кысым жасагандардын бири дагы жоопко тартылган жок. Ишкананын иштөөсүнө бут тоскондор, зыян келтиргендер жазалаган эмес. Мында кылмыш жазасы боюнча сөз болууда», — дейт ал.

Азыркы кырдаалда инвестициялык жагымдуулук боюнча сөз козгоо мүмкүн эмес. Бирок, инвесторлордун өлкөдөн массалык агымы күтүлбөйт.

«Кыргызстандын бюджетине чоң салым кошкон долбоорлор өлкөдө бир нече жылдан бери иштешет. Бирок, азыркы абал алар үчүн дагы долбоорлорунун стратегиялык багытын карап чыгууга себеп. Өлкө үчүн бул көңүл жылытаарлык жаңылык эмес. Коркунучтар кирешеден жогору боло баштаганда инвестор ишин токтотот», — дейт Аждар Куртов.

Талдоочу өлкө бийлигине инвесторлорду кармап калуу үчүн олуттуу сунуштарды даярдоо зарылдыгын белгилейт.

Кыргызстанга инвестиция салгысы келгендердин саны бул төңкөрүштөн кийин кескин азаят.

 

Последние новости