www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнтөн тартып Тоолуу Карабактагы Калбажар (армянча «Карвачар») району Азербайжандын карамагына өттү.

Тоолуу Карабактагы кагылышууларды токтотуу боюнча үч тараптуу келишимге ылайык, күн мурун Армения аталган райондон аскерлерин чыгарып кетүү жана бардык аскердик инфраструктурасын жок кылуу иштерин аяктаган. 23-ноябрда Армениянын өкмөтү Тоолуу Карабактагы Азербайжанга өтө турган 120 калктуу конуштун тизмесин жарыялаган. Алардын 16сы Калбажар районунда жайгашкан.

Үч тараптуу келишимге ылайык, Армения Калбажар районун 15-ноябрга чейин Азербайжанга өткөрүп бериши керек болчу. Бирок жай тургундар аймактан чыгып кетүүгө жетишпей калып жаткандыктан, Баку бул мөөнөттүү 25-ноябрга чейин узартууга макул болгон.

Бул арада 20-ноябрда Агдам району Азербайжанга өткөн. 1-декабрга чейин Лачин району Бакунун карамагына өтүшү керек.

Эске салсак, 9-ноябрда Азербайжан, Армения жана Орусия Тоолуу Карабактагы согуштук аракеттерди толук токтотуу тууралуу келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, тараптар ошол күндө ээлеп турган позицияларын сактап калышса, Орусия аймакка өзүнүн тынчтык орнотуу күчтөрүн жайгаштырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости