www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички ресурстарды натыйжалуу пайдаланып, өздүк каражаттардын эсебинен жашоону үйрөнүшүбүз керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков «Кыргыз Республиканын 2020-жылга карата республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзам долбоору жана «Кыргыз Республиканын 2021-жылга карата республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» Мыйзам долбоору каралып жаткан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында билдирди.

«Биз Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексине кийинки жылдын чыгымдары мурунку жылдын кирешесинен ашпашы керек деген норманы киргизишибиз керек. Бюджетти түзүүдөгү мамилени өзгөртүү зарыл. Бардык социалдык милдеттенмелер, мамлекеттик карызды төлөө жана бюджеттин корголгон беренелери боюнча башка чыгымдар салыктык түшүүлөрдүн эсебинен гана каржыланат. Тышкы жардам экономикалык өнүгүүгө гана багытталат жана кайтарым мүнөзгө ээ. Албетте кийинки жылы калкты иш менен камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн артыкчылыктуу багыты болуп саналат», - деп белгиледи Премьер-министрдин м.а.

Өзгөчө көңүл экономиканы калыбына келтирүү жана аны туруктуу өнүктүрүүгө бурулат. 

«Ал үчүн биз атамекендик бизнести колдоого алып, коргойбуз жана инвестициялык жагымдуулукту жогорулатабыз. Ошондой эле алдыда бюджеттин туруктуулугун камсыздоо жана кошумча резервдерди табуу боюнча милдет турат. Биз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бардык программаларын ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракеттерди жумшайбыз. Бул бизге өлкөнүн экономикасынын туруктуулугун жана өнүгүүсүн камсыздоого мүмкүндүк берет», - деп жыйынтыктады Артем Новиков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости