www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

18-ноябрь күнү Талас шаарынын тургуну 12 жаштагы кызы зордукталганын милицияга билдирген. Бул маалыматты Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы ырастады.

Милициянын маалыматында: "18-ноябрь күнү Талас шаардык ички иштер бөлүмүнө Талас шаарынын тургуну кайрылып, 2008-жылы туулган кызы эки жаш өспүрүм тарабынан зордукталганы тууралуу арыз жазган. Арызында ал 17-ноябрь күнү саат 22:00 чамасында 12 жаштагы кызы 2004-жылы жана 2003-жылы туулган өспүрүмдөр тарабынан зордукталганын билдирген" деп жазылган.

Жергиликт милиция бул факт боюнча Кылмыш кодексинин 161-беренеси ("Зордуктоо") боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталганын кабарлады. Анын негизинде соттук медициналык экспертиза жүргүзүлүп, тергөө уланып жатат.

Кылмышка шектүулөрдүн аты-жөнү тууралуу маалымат таратылган эмес. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости