www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков Манас жана Айтматов академиясын түзүү чечимин былтыр 12-декабрда, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу жыйында билдирип арадан көп өтпөй  Манас жана Чыңгыз Айтматов академиясын түзүү тууралуу жарлыкка кол койгону жалпыбызга маалым.

Академиянын максаты «Манас» эпосун, кыргыздардын эпикалык маданиятын, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк мааниге ээ көркөм, гуманисттик, философиялык-этикалык мурасын сактоо жана жайылтуу.

Бул тууралуу New TV каналы “Талашка түшкөн академия”  деген аталышта көрсөтүүсүн коомчулукка жары кылды.

Көрсөтүүгө көрүнүктүү саясатчы Топчубек Тургуналиев жана тарых илимин доктору, филология илимдеринин кандидаты Сулайман Кайыпов катышкан.

Топчубек  Тургуналиев, “мамлекеттик идеология деген бар, улуттук идеология жок. «Манас» эпосу 2013-жылы ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине катталган. Мындан тышкары дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпос катары Гиннесстин рекорддор китебине киргени менен, “Манас” эпосун жайылта албай жатабыз”, - деген пикирин билдирди.

Толугу менен төмөнкү тасмада:

Булак: NazarNews.kg

Последние новости