www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын премьер-министри Владимир Гройсман иштен кетерин жарыялады. Ал өкмөттүн 22-майдагы жыйынында кызматын тапшырып берерин дүйшөмбүдөгү телекайрылуусунда айтты.

Мурдагы президент Петро Порошенконун саясий биримдигинин мүчөсү болгон Гройсман кийинки парламенттик шайлоого катыша турганын белгиледи.

20-майда Зеленский Украинанын президенти катары иннагурациядан өтүп, мамлекет башчысы катары толук ишине киришти.

Раданын келерки шайлоосу ушул жылдын октябрь айына пландалууда. Депутаттардын эки айлык мөөнөтү калды.

Өлкөнүн жаңы лидери, парламентке депутаттардын кол тийбестигин алып, мыйзамсыз баюу жана шайлоо кодексине жаңы мыйзамдарды кабыл алууга чакырды.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости