www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews маалымат агенттиги бир кезде түзүлгөн Элдик парламенттин мүчөсү Төрөбай Колубаев менен Кыргызстандагы башкаруу системасы жана алдыдагы шайлоо өнөктүгүнө ат салышып жаткандардын аракети боюнча пикир алыштык.
- Референдум менен Хонституцияга каршыбыз деген митингдердин артында Америка менен Батыштын саясатын колдогон күчтөр, саясатчылар турат. Тагыраагы, Отунбаева, Текебаев, Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкуловалар турат.
Аларды президенттикке талапкер болгон Каныбек Иманалиев менен Канат Исаев, Адахан Мадумаров коштоп жатат. Чынында минтип чыгышпай деле койсо болмок. Анткени, парламенттик башкаруу делип, кагазда жазылганы менен чын-чынында Кыргызстанды хандар эле башкарып келбеди беле. Же жалганбы?
Кыскасы, алар коргоп жаткан Текебаевдин конституциясы жоопкерчиликти жоготуп, бири-бирине шылтаганды күчөтүп, миллиарддардын уурдалышына шарт түзбөдү беле.
Эми президент болгусу келген азаматтар да тышкы күчтөрдүн куралына айланып, мамлекетибизге пайдасынан зыяны көп башкарууну колдоп сүйлөп жатышат. Ушул кантип болсун.
- Эмне үчүн Садыр Жапаровду каралоо, ага каршы чыгуу күч алды?
- Атаандаштары жеңилип баратканын моюндарына алгысы келбей, Садыр Жапаровду чогулуп алып, караласак максатыбызга жетебиз деген позицияда иш кылып жатышкансыйт. Ошон үчүн чын жалганды койгулаштырып, бир жактуу каралоого өтүштү.
- Эмне үчүн башка талапкерлерден айырмаланып, Абдил Сегизбаев Садыр Жапаровду дебатка чакырып жатат? Аныны бир билгени барбы же көздөгөнү башкабы?
- Абдил Сегизбаевдин акыркы аракеттеринин баары саясий упай топтоо үчүн жасалып жатат десек туура болот. Ал атайылап Садыр Жапаровго асылып, аны дебатка чакырып, ыңгайы келсе тил табышып калайын деп жан талашып жатат.
Анткени, Абдил Сегизбаев камалсын, мурдагы мыйзамсыз иштери үчүн жооп берсин дегендердин талабы эске алынып кетеби деп кооптонууда. Ошондуктан, президенттик шайлоого бийликке илиниш үчүн эмес, өзүнүн кара башын сактап калыш үчүн аттанды.
Камалбай калайын деп түрдүү маалыматтарды айтып, коомчулуктун көңүл борборунда болууга аракет кылууда. Менде жетиштүү компромат бар деген белгини Садыр Жапаровго эле эмес, башка саясатчыларга да берип, мени менен эсептешкиле деген коңгуроо кага баштады.
Эгер Жапаров Абдилге теңелип аны менен кармаша турган болсо, уялбай этпей эле саясий куугунтукка кабылдым деп жар салат.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg