www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Доору жүрүп, Жогорку Кеңештин төрагалык креслосунда отурганда Атамбаевди атасындай көрүп,  ЖКнын жыйындарында  бир аз эле АШАнын бийлигине сын айтып койгондорго каяшасы даяр, микрофонду өчүртүп салганга чейин барчу  КСДПнын бакма баласы атка конгон Чыныбай Турсунбеков жана жогорку трибунадан далай жолу жалындуу сөздөрү менен экс-ажонун жүргүзүп жаткан саясатын эң туура саясат деп тааныган, таанып эле койбостон башкаларга таңуулаган ажыкебиз Зулпукаров Төрөбай мырзалардын азыркы акыбалдарын көпчүлүк түшүнбөй, баштары маң болуп турган чактары. Болбосо, өздөрү агарып көгөргөн КСДП партиясы ит талаган түлкүдөй болуп жатканда, партиянын аксакал депутаттары иретинде калыс сөздөрүн айтып, акты ак, караны кара деп коюшса, өз абийирлеринин гана алдында эмес, бул партияга ишенип добуш беришкен миңдеген шайлоочуларынын алдында дагы,  маңдайлары жарык  болот болчу. Аттиң, бири кем дүйнө дегендей, андай болбой турат. Бири битиреп чогулткан бизнесинин келечегин, экинчиси 2020-жылкы шайлоону ойлоп, сарсанаа болуп турушкандай.

Учурунда А.Атамбаев  бийлигин чүү деп жүргүзүп баштаганда эле, ошол убактагы ЖКнын депутаты Исмаил Исаков өзүнүн кыраакылыгын көрсөтүп АШАнын саясатына ачыктан-ачык каршы чыкканда, далай жолу ушул эле Ч.Турсунбеков “Чычалаган чыныбай атка конуп”,  “Исмаил Исаков оркестрге кошула албаган, өзүнчө билген нотасы менен, ойду-тоону ойногон бир инструментке окшош” деп, ЖК трибунасынан далай жолу сөзүн бөлүп какканы, көпчүлүктүн дагы эле эсинде болсо керек.  Эки аксакал депутаттарыбыздын   күтүү режимине өтүшкөндөрү, буларга аброй деле алып келбесе керек. Аттуу-баштуу эки депутатыбыздын фракциянын, партиянын ичиндеги бөлүнүп-жарууларды көрүп, билип турушуп кадимки страустун кейпин кийип алышкандары КСДПнын кээ  бирмүчөлөрүнүн кыжырын келтирип тургандыгын жашырып деле болбойт окшойт. Болбоду эле дегенде, эки жыл  мурда Атамбаевди “журт атасы” деп айга-күнгө теңеп, азыр болсо жээктин наркы бетине чыга качкан Иса Омуркуловдой же партиянын идеологиясын, принциптерин, жана дагы лидерин колдоп жүргөн ЖКнын КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкинадай да  боло алышпады.  Биз сыйлаган бул эки аксакал депутаттарыбыздын азыркы акыбалдары мурунку бир советтик фильмдеги  актар чабуулга өтсө,актардын погонун, кызылдар чабуулга өтсө,кызылдардын погонун тагына калчу  кейипкерлерди аргасыз эске түшүрүшөт.

Абай Аргынов

Булак: “Параграфф”

Последние новости