www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмнесин айталы, 27 жылдан бери жергиликтүү жана эл аралык аферисттер мамлекетибизди тоноп келе жатышат. Ушуларга түткөн Кыргызстан жана кайдыгер кыргыз эли кыйын экен. Алп экен, экөөбү тең. Бир кыбыр этип, бир чымыр этип койбойт го, чиркин. Ананле шайлоодогу 500, 1000 сом үчүн канча жаат болуп бөлүнүшүп, кырылышып, ит жебеген бокту жешип... Койчу, койчу. Бери жакта миллиондорду жеп атышат. А элге баары бир. Себеби алар шайлоодогу 1000 сомун жеген жок. "Законный" 1000 сомунчу. Беш жылдык тагдырын чеччү 1000 сомун. Калган көйгөй баарыбыз үчүн 5 тыйын.

Сөзгө алаксыбай кептин ток этер жерине өтөйүн.

Кыргызстанда, деги эле дүйнөнүн көп өлкөсүндө Транспорт жана жол куруу министрлиги эң коррупциялашкан министрлик. Биздики алгачкы ондукка кирсе деле таңкалыш жок. Биздеги эл аралык жана ички жолдор кредит, грант анан анча-мынча Өкмөттөн бөлүнчү каражаттан салынат. Жүз миллиондогон кредиттерди алып туруп, арийне кытай, түрк, азер компанияларына салдырабыз. Аны мамлекеттик ишканалар салса деле болот. Бирок анда "шапкенин" акчасын ким алат? Ортодо жогорку жакка, министрликтин сол чөнтөгүнө кетчү миллиондорду ким берет анда? Ошол желген акчалардын учу чыгып коомчулукта дүң боло түшүп, убакыттын өтүшү менен ал иш унутулат. Чындап текшере келсе жол курууда көптөгөн чиновниктер дароо камалары турган иш.

Былтыртадан бери Кыргызстанда бир техникасы эмес, бир күрөгү жок жол курган түркиялык "Чакыр Йапы Санайи ве Тижарет" компаниясына байланышкан чуулар басылбай койду. Бул компания Талас-Тараз-Суусамыр жана Ош-Баткен-Исфана жолдорун курууга тендерлерди уткан. Жол курууга лицензиясы жок туруп тендерлерди уткан. Себеп дегенде бизде баары боло берет. Акчасын берсең уруксат бере беришет. Ошентип бул түрк компаниясы Талас-Тараз-Суусамыр жолунун 75-105 чакырым ортосундагы 30 чакырымдык жолду 17,5 миллион долларга куруп бермекчи болуп тендерге катышып утуп алат. 30 чакырымдык жол үчүн Кыргызстан сырткы донорлордон 22,5 миллион доллар карыз алган.

Ортодо бул компаниянын бир да күрөгү жок болчу дебедимби, булар жол куруу үчүн кыргызстандык "Кыргыз жол курулуш" компаниясын субподрядчик катары жалдашып, жолду курдуруп алышып 1 миллион 800 долларын бербей келишет. Компания түрктөрдүн үстүнөн Башкы прокуратурага, УКМКга кайрылганы менен азырынча жыйынтык жок.

Баса, "Чакыр Йапы" УКМК алардын эсебине арест койгону үчүн да акчаларыбызды колдоно албай келебиз деп коомчулуктун башын айландырууда.

Семетей Талас уулу

Булак: NazarNews.kg

Последние новости