www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 10-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун Түркия Республикасындагы расмий сапары Мустафа Кемал Ататүрктүн күмбѳзүнѳ гүлчамбар коюу менен башталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Ардактуу кароолдун коштоосунда Төрага Түркиянын мамлекеттик жана саясий ишмеринин элесине таазим этип, мавзолейдеги Сыйлуу коноктор китепчесине да каалоо-тилектерин жазып калтырды.
Белгилей кетсек, Төрага Нурланбек Тургунбек уулу баштаган парламенттик делегация Түркия Республикасынын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуштун чакыруусу менен Анкара шаарына расмий сапары менен барган.
Делегациянын курамында депутаттар Алишер Козуев, Кундузбек Сулайманов, Акылбек Түмөнбаев, Нурбек Сыдыгалиев, Эльдар Сулайманов, Гүлай Машрапова жана Эльвира Сурабалдиева бар.