www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа парламенти 15-февралда "Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилинин жагдайы тууралуу" резолюцияны жактырды. Анда саясатчыны эркиндикке чыгаруу жана чет өлкөдө дарылануусуна уруксат берүү чакырыгы жазылган.

Алты жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Грузиянын мурдагы президенти учурда Тблисидеги жеке клиникада дарыланууда. Тарапташтары анын саламаттыгы тездик менен начарлап жатканын билдирүүдө. Саакашвили өзү ууландыруунун курмандыгы болгонун айткан. Грузин бийлигин бул айыптоону четке кагып келет.
2022-жылы 14-декабрда Европарламент "Европа Биримдиги-Грузия" ассоциациясы жөнүндөгү макулдашууну ишке ашыруу тууралуу резолюция кабыл алган. Анда да Саакашвилини бошотуу жана Иванишвилиге каршы санкция киргизүү чакырыктары жазылган.

Грузия Украина менен Молдовадан айырмаланып өткөн жылы ЕБге талапкер макамын ала алган эмес. Брюссель Грузиянын европалык келечеги – өлкөнүн канчалык деңгээлде Еврокомиссиянын 12 сунушун аткарарына жараша болорун билдирген. Ал сунуштардын арасында сот адилеттигин саясий таасирден бошотуу сунушу да бар. Европарламент Саакашвилинин куугунтукталышын сотко карата саясий таасир катары эсептөөдө.

Украинанын жарандыгын алган Грузиянын мурдагы президенти 2021-жылы күзүндө өлкөгө кайтып келгенден кийин Тбилисиде камакка алынган. Ага чейин ал сыртынан алты жылга соттолгон. Саясатчыга "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып коюлган. Ал өзү муну саясий куугунтук деп атап келет.

Мырзакат Тыналиев, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости