www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркияда жер титирөөдөн жабыркаган 10 облустагы 41 миң 791 имарат калыбына келтирилбей бузулат. Бул тууралуу Түркиянын айлана-чөйрөнү коргоо, шаар куруу жана климаттын өзгөрүүсү боюнча министри Мурат Курумдун маалыматына таянып, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев билдирди.
“Түркиянын үй-бүлө иштери жана социалдык кызматтар министри Дерья Яныктын берген маалыматына ылайык, жер титирөөлөрдүн натыйжасында учурда 993 бала ата-энесиз калган, алар балдар үйлөрүндө. 369 баланын ата-энеси аныкталып, балдар аларга өткөрүп берилди”, - деди элчи.
Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, андан көп өтпөй эле күчү 7,6 баллга жеткен экинчи жер силкинүү орун алган. Жаратылыш кырсыгынан Түркиянын бир нече шаары кыйроого учурап, көптөгөн курмандыктарга алып келди.
Ал эми Сирияда Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинциялары жабыркаган.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Түркияда кырсыктан каза болгондор үчүн жети күндүк улуттук аза күтүү жана жабыркаган 10 провинцияда үч айлык өзгөчө кырдаал жарыялады.
Булак: NazarNews.kg