www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Активист Ырыскелди Жекшеналиев Кыргыз улуттук университетинин үстүнөн окуудан мыйзамсыз чыгарылгандыгы боюнча 3 ай мурун арыз жазып, бүгүн катардагы 4-соттук отуруму болуп өттү. Буга чейинки соттук процесстер КУУнун өкүлдөрү сотко даярдыгы жок келгендигине байланыштуу жылдырылып жаткан.

Бүгүнкү соттук процессте КУУнун юристтери Ырыскелди Жекшеналиевди «заочно» түрүндө окууга кабыл алуу чечимин алып келип тапшырышкан. Активист бул чечим менен макул эместигин айтып, соттук процессти кийинкиге жылдырууга өтүнгөн. Сот тарабынан арыздануучунун өтүнүчү канааттандырылып, ушул жылдын 24-февралына, саат 14:00гө жылдырылган.

Эскерте кетсек, Ырыскелди Жекшеналиев 2022-жылдын 14-августтунда камакка алынып, 26-октябрында Бишкек шаардык соту тарабынан үй камагына бошотулган.

Ал ортодо Юридикалык академия Жекшеналиевди «байланыш үзүлгөндүгү тууралуу» деген негиз менен мыйзамсыз окуудан чыгарышат.

Мыйзамдардын иерархиясы боюнча Конституция эң жогорку тепкичте турат жана ага каршы аргумент катары эч нерсе келтирилбейт. Ошол баш мыйзамдын 46-беренесинин 1-пункттунда «Ар бир жаран билим алууга укуктуу» деп турса, кийинки бөлүгүндө «Мамлекет шарт түзүп берүүгө милдеттүү(!)» дейт. Ал эми 102 беренеде «Судьянын чечими Конституцияга каршы келбеши керек» деп так, даана көрсөтүлгөн. 

Демек, окуу жайдын уставы анын территориясында гана таасири бар, ал эми Конституция бүткүл мамлекеттики деген түшүнүккө кептелебиз. Андыктан, сот окуу жайдын чыгарган чечимин жана эки киши отуруп өздөрүнчө жазып алган уставын колдобой, Ырыскелди Жекшеналиевдин окуйм деген умтуулусуна кол толгобой, шагын сындырбай, Конституцияда бекитилген укугун кайтарып бериши шарт.

Муну менен мамлекетке да пайда алып келет. Себеби дегенде, Ырыстын баскан турганынан, төлөгөн контракттысынан казынага акча түшөт жана мыкты дасыккан кызматкерди таптап чыгат.

Азыркы учурда соттук процесстер  Ленин райондук сотунда уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости