www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын чалгын кызматынын мурдагы чалгынчысы Скотт Риттер Путиндин сабырына, чыдамына таң каларын айтты. Ал мындай билдирүүсүн Naturalist Capitalist  YouTube каналында билдирди.

Риттердин айтымында, Вашингтон Москваны 2008-жылдан бери чагымчылдыкка түртүүдө. Бирок Путин болуп көрбөгөндөй сабырын көрсөтүп келе жатат.

«Россия менен АКШнын байланышынын жоктугу дүйнөдөгү абалга терс таасирин тийгизет. АКШ тарап Украинадагы мификалык жеңиштерди айтып, өздөрүн алдап, сооротуп келе жатканы белгилүү. Азыркы кырдаал АКШнын Ооганстандагы аскердик операциясына окшош. АКШ анда жеңилүүгө учураган», - деди ал.

Ошондой эле Риттер украиналык бийликти айыптап, Киев эч качан тынчтык сүйлөшүүлөрдү көздөбөгөнүн, жөн гана НАТОнун күчүн бекемдеп алуусу үчүн убакытты утууну ойлогонун, ал эми Москванын максаты столго отуруп, Украина менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү болгонун айтты.

Демек, украин элинин шоруна бүткөн "клоун" Зеленский чын эле калкын канга бөлөдүбү? - деген суроо жаралбай койбойт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости