www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

41.

Шабдан баатыр да кыргыз эл ичиндеги мыктыларга таянат. Анын мындай жөлөнөр кишилери көп. Айрыкча, өзүнө жаккан оттой жакын тутуп, ызаттаган адамы –кочкорлук азыктардын болушу Дыйкан экендиги эл –журтка дайын. Дыйкан болуштун таш ийлеген акыл кудурети, алысты дүрбүдөй көргөн көрөгөчтүгү, караңгыда көз таап, капилеттен сөз таап, камырды кылдай сууруп алып, акыйкатты алдейлеген калыстыгы Шабдан баатырга жагат. Ошондуктан, Шабдан баатыр да Дыйкан болушту сыйлап, алдынан кыя өтпөйт. Дыйкан болушту урматтап, сый көрсөтүп турат. Кыргыз үчүн маанилүү, түйүндүү көйгөйлөрдү дайыма Дыйкан болуштун акыл тегирменине салат. Ырас, Дыйкан болуштун Шабдандан жашы кичүү болгону менен жандары курбу. Калмырза ырчы ырын улантат:

Эми, эртеги өткөн элди айтам,

Өткөн элдин ичинен,

Өзгөчө эрди айтамын.

Солтодон чыккан илгери,

Эшкожо менен Эр Канай,

Башкарышкан дубанды.

Баатыр Шабдан төрөмө,

Пар кылбаймын буларды.

Саяктан –Медет болгон дейт,

Эсенкулдан Ормон –дейт,

Эски адамдар көп мактайт,

Булар да мыкты чоңдор деп.

Саруу менен Кушчуда,

Ажыбек, Бүргө болгон дейт,

Ажыбек датка аталып,

Кокондук кандан кат алып,

Салтанаты толгон дейт.

Адыгине Алымбек,

Арбагы оогон катынга,

Анын эминеси татына?

Бугуларды бийлеген,

Буура эле дешет Боромбай.

Баатыр Шабдан төрөмө,

Пар кылбаймын муну да ай!

Аксакалың Баяке,

Айылың барган ажыга.

Ак элечек оронгон,

Зайыбың барган ажыга.

Мамыт, Төлөн аталаш,

Иниң барган ажыга.

Буларга окшоп кыргызда

Кимиң барган ажыга?

 

Курманкожо, Кулжыгач

Эл болушат ээнбаш,

Союлдашып чабышкан.

Эрегиштен эр өлүп,

Элге кунун жабышкан.

Эми, убал болду саякка,

Сиз Мекеге кеткенде,

Убара болуп байкуштар.

Баш калкалайт каякка?

 

Сарт менен ногой, дунганы,

Сагынат сизди бечара.

Сагынгандын себеби.

Бербей турган бексулга,

Медет болгон Эр Шабдан.

Бекип калган катуу ишке,

Себеп болгон Эр Шабдан.

Ак боз бээни жүз сойсок,

Атын Шабдан жүз койсок.

Өзүңдөй болбос кеменгер.

Кабыл болсун ажыңыз,

Кош эми, аман барып кел!–деп Калмырза ырчы ырын аяктаган экен.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости