www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ башка мамлекеттерге акыл үйрөтпөй деле койсо болот. Бул тууралуу экс-президент Дональд Трамп Лас-Вегаста тарапташтары менен жолукканда билдиргенин C-Span жазды.
"Биз, улутубуз, начар абалда калдык. Мындай көрүнүш буга чейин болгон эмес. Биздин мамлекетти тизе бүктүрүп, дүйнө элине шылдың кылышты, алсыратышты. Көчөлөрүбүздө кылмыштардын курмандыгы болгондордун каны агып турган кезде башка адамдарга жана мамлекеттерге демократия тууралуу лекция окуп жатабыз. Биз уурулукту токтотпосок мамлекетибизден эч нерсе калбайт", — деди Трамп.
Ал ошондой эле биринчи кезекте АКШнын коопсуздугун камсыздоо керектигин белгилеп, жаңы администрациянын учурунда кылмыштарды алдын алуу, чек араны бекемдөө начарлап кеткенин, өлкөгө баңгизат толгонун кошумчалаган.
Булак: NazarNews.kg