www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинадагы чатакты АКШ кандай жол менен болсо да создуктуруу ниетинде болуп жаткандыгын Орусиянын Вашингтондогу элчилиги өзүнүн Telegram каналына жазган.
Президент Жозеф Байден Украинага 400 миллион доллардык аскердик жардам берүү боюнча кезектеги жарлыкка кол койду. Пентагондогу жогорку кызматтагы маалымат булактардын билдиргенине караганда, жаңы транш менен залптык ок чыгарган реактивдүү HIMARS системасынан төртөө берилет.
"Мунун артында Вашингтондун Украинадагы чатакты кандай жол менен болсо да создуктуруу аракети турат, ал Украинада Куралдуу күчтөрдүн, улутчул батальондордун жоготууларын курал жиберип, компенасациялоодо. Киев бийлиги жана улутчул топтор америкалык куралдарды Донбасстын шаарларын жок кылуу үчүн колдонот. Украинанын куралдуу күчтөрү Донецкидеги эл жашаган кварталдарды бутага алууда. Аткылоо НАТОнун 144 миллиметрлик калибрдеги снаряддары менен жасалууда", — деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.
Орусия Киев режимине курал берүүгө катышкан бардык өлкөлөргө нааразылык нотасын жөнөткөн. РФтин тышкы иштер министри Сергей Лавров курал менен келе жаткан бул жүктөр Орусиянын Аскердик-космостук күчтөрүнүн мыйзамдуу бутасына алынарын эскерткен.
Булак: NazarNews.kg