www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Активист катары аракеттенген, чокчо сакалчан Акжолтой Тукунов аттуу жаран казинолордун ачылышына каршылык көрсөтүп, нааразычылык акциясына чыгып жүргөн. Митингге, көтөрүлүшкө үндөгөнүчү? (Өзү бакылдаса кыйын, бирок сынпикирди көтөрө албаган алсыздыгы бар экен).
Ашкере динчилдикти бетине кармап, блогер сымал кайрылууларды жасап аткан, бир маалда бийлик “сөөк” ыргыткандай антимонополиянын орун басарлыгын бере салса, тымпыйып, ачуу үнү заматта өчтү.
“Казиного каршыбыз, ачылбасын!” таризинде бакылдаган сөзүнүн бири жок, кызмат алуу менен момоюп калыптыр. Көрсө, Акжолтой Тукуновдун жеткен арбайы ушу тура, принципиалдуулукту карманбай, жеке кызыкчылыгын көздөө менен динге да көлөкө түшүрүп, ойноп кеткенин карагылачы?!
Коом ушундай эки жүздүүлөрдөн качан арылат болду экен? Эрксизден баш чайкайсың да... "
Булак: Азия News гезити