www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нара шаарынын 41 жаштагы тургуну Тецуя Ямагами диний секта мүчөлөрүнөн өч алуу үчүн Жапониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абени өлтүргөн. Бул тууралуу полициядагы булактарга таянуу менен «Киодо» агенттиги билдирди.

Белгиленгендей, Тецуя Ямагаминин апасы культтук топко ири суммадагы акча которгон. Бул уулуна жакпады. Ал өч алуу үчүн адегенде секта башчысын жок кылууга даярданган. Бирок Ямагами бул диний бирикме Синдзо Абэ менен байланышы бар деген ой менен мурдагы премьер-министрди өлтүрүүнү чечкен.

Белгилей кетсек, буга чейин кол салган адам өзүнүн аракетин Абэнин саясаты жана жүрүм-туруму жакпаганы менен түшүндүрүп, бирок ал мурдагы премьер-министрдин түз саясий көз карашына эч кандай кастыгы жок экенин баса белгилеген.

Ал эми кечээ, 9-июлда Нара полициясынын башчысы Томоаки Онизука маалымат жыйынын өткөрүп, полициянын коопсуздукту талаптагыдай камсыз кылбаганы жана анын департаменти премьер-министрдин өлтүрүлүшүнө бөгөт кое албаганы үчүн күнөөнү өзүнө алды.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 8-июлунда Синдзо Абэни 10-июлдагы парламенттик шайлоонун алдында көчөдө үгүт иш-чарасында сөз сүйлөп жаткан жеринен атып кетишкен. 41 жаштагы жапониялык Тецуя Ямагами аны колго жасалган ок атуучу курал менен эки жолу аткан. Абэ куткаруу тик учагы менен ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер ага кан берип, бир нече саат бою анын өмүрү үчүн күрөшкөн. Мурдагы премьер-министр 67 жашта, жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:03тө каза болгон.

2002-2005-жылдары өлкөнүн деңизде өзүн-өзү коргоо күчтөрүндө кызмат өтөгөн адамдын үйүнөн жардыруучу заттар табылган. Бул кишиге расмий түрдө адам өлтүрүү боюнча айып тагылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости