www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адамды тез картайта турган азыктар кайсылар?

Картаюу — ар бир тирүү жан кыйгап өтө албаган процесс, бирок туура тамактануу менен аны жайлатууга болот. Мындай пикирин "Прайм" агенттигине терапевт, диетолог дарыгер Елена Тихомирова билдирип, бир катар кеңешин берген.

Адамдын картаюусун эртелеткен азыктарга таттуу тамактар жана тез активдешкен углеводдор кирет. Алар канга тез аралашып, инсулиндин деңгээлин көтөрүп жиберип, организмге терс таасир тийгизет. Андан сырткары, туздуу азыктар менен ичимдиктен алыс болуу керек.

Жаштыгын сактагысы келгендер үйдө жасалган тамакка басым коюшу керектиги айтылат. Себеби ашкана менен ресторандарда азыктын даамын арттыруучу кошулмалар жана туз көп болот.

"Туура тамактануу эрежелерин сактап, сууну арбыныраак ичип, кара жумушту жасап же көп кыймылдаш керек. Андан сырткары, өз убагында уктоо жана уйкунун канышы да абдан маанилүү. Ушуларды карманган киши тез картайбайт", — деген Тихомирова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости