www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп демократ Джо Байдендин инаугурациясы күнү Вашингтондон учуп кетип, бардык расмий иш-чараларды өткөрүп жиберет. Axios порталы Трамптын пландары тууралуу мамлекет башчыга жакын булактарга шилтеме берип маалымдаган.

Алардын айтымында, Трамп АКШнын жаңы президентин Ак үйдө тосуп албай, тескерисинче Флоридага өзүнүн митингин уюштуруу үчүн барат. Басылма иш-чара учурунда Америка лидери 2024-жылдагы президенттик шайлоого катышарын жарыя кылат деп эсептейт.

Трамп, "мурдагы телекөрсөтүү жылдызы" катары, социалдык дистанциянын бардык эрежелерин сактоо менен өткөрүлө турган инаугурацияга каршылай, анын тарапкерлеринин ири масштабдуу, эрежелерге каршы митингине чыгуусу күтүлүп жатканы белгиленди. Ошентип, ал атайылап ушул эки окуянын ортосунда калган америкалыктардын көңүлүн бөлүүгө ниеттенүүдө.

Буга чейин АКШ президенттигине талапкер Джо Байден Трампты инаугурациясына чакырган. Ал белгилегендей, Трамптын салтанатта пайда болушуна жеке өзү маани бербейт. Бирок, Байден кошумчалагандай, бул иш-чара символикалык мааниге ээ болуп, өлкөдөгү башаламандыктын аяктаганын билдирип, "атаандаш партиялар кол алышып, келечекке жылууда бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүүнү",- көрсөтмөк.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости