www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти, республикачы Доналд Трамп 29-ноябрда Fox News маалымат каналына курган маегинде быйылкы президенттик шайлоодо өзү жеңишке жеткендиги тууралуу оюн дагы бир ирет кайталады: «Биз шайлоодо жеңил эле уттук. Байдендин миллиондогон добуш алышы мүмкүн эмес», – деди Трамп.

Ал Fox News маалымат каналына 3-ноябрдагы шайлоодон кийин алгачкы жолу маек курду жана Висконсин штатындагы добушту кайра саноонун жыйынтыгы Байдендин пайдасына аяктаса да, өз ою өзгөрбөстүгүн баса белгиледи.

Трамптын укугун коргогон топ өлкөдө көптөгөн сот иштерин демилгеледи, бирок жетишердик далилдери болбогондуктан, алардын дээрлик бардыгында бул топтун арызы четке кагылды.

Бул арада Висконсин штатындагы добушту кайра саноо 29-ноябрда жыйынтыкталып, мында да демократ Жо Байден жеңип чыккандыгы, анын пайдасына 20 миңден ашуун добуш көбүрөөк берилгендиги тастыкталды.

Белгилей кетсек, буга чейин Трамптын шайлоо өнөктүгүнүн укук тобу Аризона, Жоржия, Мичиган, Невада жана Пенсилвания штаттарындагы соттордо жеңилүү ызасын тарткан болчу.

Маалым болгондой 14-декабрда АКШнын шайлоо коллегиясы өзүнүн отурумунда быйылкы президенттик шайлоодо ким жеңгендигин биротоло тастыктайт. Бирок буга чейин эле дүйнөнүн ири мамлекеттеринин басымдуу көпчүлүгүнүн лидерлери Джо Байденди президент болуп шайланышы менен куттуктоого үлгүрүштү. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости