www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Жогорку соту Техас штатынын 3-ноябрдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын кайра кароо тууралуу доо арызын кароодон баш тартты. Бул доо арызды өлкөдө республикачылар үстөмдүк кылган 17 штат жана президент Доналд Трамп өзү да колдоого алышкан эле.
Жогорку сот башка штаттарда добуш берүү амалдарын кайра карап чыгуу тууралуу Техас штаты жетишерлик негизге ээ эместигин белгиледи. Бул чечимди соттогу 9 мүчөнүн 7си колдоп чыкты, алардын ичинен Трамп өзү дайындаган үч мүчө тең сот чечимине макул болушту.
Арыз ээлери Джорджия, Висконсин, Мичиган жана Пенсильвания штаттарында шайлоо жыйынтыгы талаш-тартыштуу болду, ошондуктан шайлоо коллегиясынын алардан шайланган 62 добушун жокко чыгаруу зарыл деген талаптарын билдиришкен. Республикачылардын айтымында, бул 4 штатта коронавирустун айынан почта аркылуу берилген добуштар массалык түрдө бурмаланган.
Бул 4 штатта тең демократ Джо Байден утуп чыккан. Эгерде 62 добуш жокко чыгарылса, анда Байден 14-декабрда шайлоочулар коллегиясында көпчүлүк добуш ала албай калмак. Байден зарыл болгон 270 добуштан алда канча көп – жалпысынан 306 добушка ээ болуп турат. Трамп болсо шайлоо коллегиясынын 232 шайлоочусунун гана добушун алган.
Шайлоо жыйынтыктары талаштуу болуп жатса да, дүйнөнүн көп өлкөлөрүнүн жетекчилери Байденди президенттикке шайлангандыгы үчүн эмитеден эле куттуктап коюшкан.
Булак: NazarNews.kg