www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия Иранга “акыркы эскертүү” берди

Түркиянын Коргоо министрлиги Ирандан учурулган баллистикалык ракета атып түшүрүлгөнүн билдирди. Буга чейин Түркия Иранга “акыркы эскертүү” бергенин маалымдаган.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Чыгыш Жер Ортолук деңизинде жайгаштырылган НАТОго караштуу абадан коргонуу күчтөрү Ирандан учурулуп, Түркиянын аба мейкиндигине кирген “баллистикалык ракетаны” жок кылган.

Белгиленгендей, Түркия буга чейин да эки жолу Ирандан атылды делген ракеталарды атып түшүргөн. Ошондой эле бир жумага жетпеген убакыт мурда Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Эр-Риядда өткөн Перс булуңу өлкөлөрүнүн жолугушуусунан кийин Тегеранга эскертүү берген.

Эске салсак, Иран Түркия тарапка ракета учурулганын четке кагып келет.

Ошол эле учурда Эрдогандын администрациясы Түркия АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын өтүнүчү менен Иранга каршы кагылышууга катышууга даяр деген маалыматтарды да төгүндөдү.

Последние новости