www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК: 19 диний окуу жай текшерилип, 3 медресе жабылды

Салттуу эмес диний агымдардын жайылышына жол бербөө максатында өлкө боюнча 19 диний билим берүү мекемеси текшерилди.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында уруксат документтери жок болгондуктан 3 медресе жабылып, алар боюнча тергөө иштери башталды.

Мындан тышкары, санитардык талаптарды одоно бузган 2 медресеге айып пул салынып, алардын иши убактылуу токтотулду. Дагы 4 медресеге эскертүү берилди.

Айрым окуу жайлардагы диний адабияттар текшерүүдөн өтпөй, тиешелүү органдарга жөнөтүлгөн. Ошондой эле окуучулардын арасында ата-энеси жок балдар жана мигранттардын балдары бар экени аныкталды.

Атайын кызмат диний окуу жайларды мыйзам талаптарын жана санитардык нормаларды так сактоого чакырып, мындай текшерүүлөр мындан ары да уланарын билдирди.

Последние новости