www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде Тенгиз Бөлтүрүккө байланыштуу сүйлөп жатып, бир грамм алтынды эч ким уурдай албайт деп билдирди. Президент көзөмөл системасы жакшы жолго коюлганын жана бул жагынан канадалыктарга эң жогорку рейтингди берсе болорун түшүндүрдү.

"Кумтөр" жабык акционердик коомунун экс-жетекчисинин азыр абакта жаткан Тенгиз Бөлтүрүктүн жубайы ачкачылык жарыялады. Муну ал күйөөсүнүн күнөөлүү эместигине көңүл бургусу келгени менен түшүндүрдү. Ошондой эле анын күнөөсү жок экенин белгиледи. Чынында эмне болгонун айтыңызчы? Урдоо фактылары аныкталганбы? – деп сурады журналист Садыр Жапаровдон.

“Алтын жагынан эч ким бир грамм да уурдай албайт. Көзөмөл системасы жакшы коюлган. Бул жагынан канадалыктарга эң жогорку баа берсек болот. Ал эми акча жагынан уурулуктар болгон. Бул эми адамдык фактор. “Кумтөрдү” иштетиш үчүн күйүүчү май, автотетиктерди, алтын казып алууга керектүү шаймандарды сатып алышат. Жумушчуларды тамак менен камсыз кылууда азык-түлүк сатып алышат жана башка толтура кызмат көрсөтүүлөр болот. Ушул маселелерден акчалар уурдалган, пендечилик экен да”, - деди Садыр Жапаров.

Буга байланыштуу президенттин айтымында, уурулук, алдамчылык фактылары катталган.

“Мамлекет билбей калат дешсе керек. Жакшылап, көздү чоң ачып текшерсе, баары чыгат. Мен Теңгиз Бөлтүрүктү коюп жаткан күндөн баштап камалганга чейин: “Мамлекеттин укуругу узун. Бир сомдун артынан кубалап барат. Уурулук, ашыкча ысырапчылык болбосун, таза иште” деп какшап келгем. Тилекке каршы, ушундай болд”,- деди президент.

Президенттин маалыматы боюнча, учурда бул иш боюнча он чакты адам темир тор артында отурат.

“Мен билгенден он чакты адам камакта. Азыр эми камалгандардын баары чыгымды ордуна коюп коюшсун. “Бир топ сумма кайтарылды”, - деп бир апта мурда башкы прокурор айтып атты эле. Толук кайтарып коюшсун. Андан кийин укук коргоо менен сот органдары үй камагына чыгаруу маселесин карашса керек. Буларды түрмөдө чирители деген эч кимдин ою жок”, -деди президент Садыр Жапаров.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости