www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурда инстаграмдан баракча ачып, аны пайдаланбаган адам аз. Кѳбү анын арты менен киреше таап, ишин жарнамалайт, калгандары алардын сүрѳтүн карап, жүрѳк белгисин коюп отурушат. Ушундай миллиондогон колдонуучулардын арасында жазган посттору жүрѳк титиреткен @nuriyka007 деген аккаунт бар. Бул рак илдети жетер чегине жетип, ѳмүрүн сууруп бараткан айымдын баракчасы. Мен бул баракчага алгач катталганда маалымат берүүчү жерде “келечектеги рак илдетин жеңүүчү” деген позитивдүү сүйлѳм жазылып турар эле. Кийин ал “рактын акыркы стадиясы менен күрѳшүүчү” деп, эми жѳн гана “сүйүктүү балдарыма арналат” деген жазууга ѳзгѳрдү. Ал эми баракча ээси саналуу гана күндѳрү калганын баса белгилѳѳ менен балдарына арналган баракчасына таасирдүү постторду жазууга тырышып жатат. Макала Нурия айымдын ѳзүнүн уруксаты менен жарыяланды.
nuriyka007 Мен сиздерге ѳзүмдүн оорум тууралуу айтууну чечкенче жарым жылдай убакыт ѳтүп кетти. Азыр болсо рак деген сѳзгѳ бейкапар гана мамиле кылып калдым. Албетте, мындай абалга жеткенге чейин ѳзүм менен ѳзүм күчтүү иштешим керек болду. Баары тѳрѳттѳн бир жылдан кийин башталды. Алгач абдан чарчап жүрдүм. Албетте, эки кичинекей бала менен чарчайсың. Күндүн соңунда бутумду сүйрѳп калам, ал эми таңда башым деңгиреп, белим ооруп ойгоном. Баарын эскилиги жеткен матрацтан кѳрүп, аны алмаштырып койбогону үчүн күйѳѳмѳ капа болуп ѳтѳм. Болжолу ушул маалда оң жак кѳкүрѳгүмдѳн буурчактын тогологундай катуу шишикти байкадым. Ал акырындык менен чоңоё баштаганын билгенде доктурга жѳнѳдүм. 2017-жылдын 14-июнунда дарыгер таанышымдын кеңеши менен “Мед Арт” медициналык борборуна кайрылып, ультрадобуштук текшерүүдѳн ѳттүм. Дарыгерлер кѳкүрѳгүмдү узак убакытка текшерип, бул эмне экенин билбей жатышты. Ал турсун башкы дарыгерди атайын чакыртып келишти. Акыры мага “фиброма” деген аныктама коюшуп, маммологго жиберишти. Дароо эле Буюклянов деген доктурга кайрылганымда оорум менен күрѳшүү башкача жүрѳт беле деген ой келет… Анткени сүт безинин рак илдетинин алгачкы стадияларын дарылоо менен айыктырууга мүмкүн эмеспи. Мейли эми, баарын ирети менен баяндай берейин. 2018-жыл, 5-январь
nuriyka007 Жаш балдарын үйгѳ калтырып чыккан башка энелердей эле мен да эртерээк текшерилип алып үйгѳ барууга шаштым. Ошондуктан онкологиялык поликлиниканын залында кезек күткѳн элдин эң азына карап, ошол кабинеттеги дарыгерге кайрылдым. Азыр ал жерден мени ким деген врач кѳргѳнүн да эстей албайм. Тактап айтканда, мен буга маани да берип койгон эмес экенмин. Ал дарыгер мени маммографияга жѳнѳттү (бул аялдын кѳкүрѳгү үчүн рентген). Ал жерде коркунучтуу эч нерсе жок экенин айтышты. Андай болсо да хирургга бир кирип кѳрүүнү ойлоп баш бактым. Алар да бул шишикте эч кандай коркунуч жок экенин билдиришти. Кыскасы, бул шишик менин денеме байкоосуз эле жармашып алгандай түшүндүм да, санаам тынчып үйгѳ бет алдым. Эки айдан кийин бир күнү таңда оң колумду ѳйдѳ кѳтѳрѳ албаган абалда ойгондум. Интернетти карап ѳзүмѳ болжолдуу бир аныктаманы койдум дагы, укалоого жазылып, ѳз алдымча колумдун оорусу менен күрѳшѳ баштадым. Бир нече сеанстан соң колум жакшы болгону менен белимдин, артымдын оорусу тескерисинче күчѳп, баягы шишик да тынчтык бербей турган болду. Бул маалда 3-стадиядагы рак клеткалары сѳѳктѳргѳ метастаза бере баштагандыгын азыр билип отурам. Тынчтык бербеген оорудан улам томографияларга арты артынан түшүп жүрүп акыры “Неомед” клиникасына кез келип, дарыгер Буюкляновго кѳрүндүм. Ушул жерден жаман дартка кабылганымды билип, ыйлап жатып калдым. Андан ары баары туман болду да калды. Оорукана, кезек күтүү, дарыгерлер, ыза, ачууга алдыруу, тынбаган кѳз жаш, анан ѳлүмгѳ болгон күчтүү коркунуч. Кѳз алдыма эмчек рагынан 39 жашында каза болуп калган апамдын кыйналган элеси тартылат. Эсимде, ошол маалда ѳзүмдү ушунчалык таштап салгандыктан, иштеримди тазалатуу эми маанилүү эместигин ойлогон элем. Чын эле күнүмдүк иштердин баары мага кызыгын жоготту. Баламдын үй тапшырмасы, күйѳѳмдүн тамагы тынчсыздандырбай калды. Жѳн гана жатып, ыйлап, анан ѳлүм тууралуу ойлоно бердим. Окурмандардын арасында ушундай илдетке кабылгандар сѳзсүз чыгат. Сиздерге айтарым, ызага алдырып, ыйлап жатууну канчалык эрте токтотсоңор, жашоо үчүн күрѳшчү жолду ошончолук эрте табасыңар. Айрымдар мындай абалда жѳн гана ѳздѳрүнѳ жоопкерчилик алгылары келбей коёт. Ал эми сулк жатып алып арман айтуудан эч майнап жок. Алгач чет мамлекетке чыгып дарыланууну ойлогон да жокмун. Себеби кымбат дедим, бир чети акыры ѳлѳ турган болсом ары-бери жүрүүнүн канчалык зарылчылыгы бар деп ойлодум. Жаңылыптырмын. Кѳрсѳ, мындай кырдаалда колдон келгендин баарын кылыш керек экен. Айрыкча артыңда үч балаң турганда күрѳшүү керек. Мен Кореянын жараны болгондуктан, ошол жакка барууну туура таптым. 2017-жыл, 16-январь
nuriyka007 Ошентип, 2017-жылдын 26-сентябрында Кореяга учуп кеттим. Алты жарым саатка созулган учуу оңой болгон жок. Кетонал ичкениме карабай бүт денем жанчылып ооруйт. Эрте жетип батыраак дарылансам деп самадым. Ичимде бир башкача туңгуюк сезим. Беш жылдан бери бул ѳлкѳдѳн алыс болуп калгам, андан да ал жактан мени күтүп алар эч ким жок. Акыры Сеулдан алыс эмес Пусан шаарындагы бир клиникага жайгаштым. 18.01.17.
nuriyka007 Эки жолу химия алган соң чачымды биротоло кырдырып салууну чечкем. Чачым жок экенин унутуп калып чач жасалгаларына кызыгып кеткен адатым али кала элек. Алгачкы химиотерапиядан кийин дарыгерлер кандай белгилерди байкаганымды белгиле деп кагаз беришти. Мен 1-чачым түшѳ баштаганын, 2-жүрѳк айлануу, кусуу, ич кѳбүү, ич катуу, айтор, ичегиге байланыштуу маселелер тууралуу жаздым. Кѳрсѳ, биздин иммунитет ичегилерге абдан байланыштуу экен. Андыктан ичегиге таштанды, тактап айтканда, ашык тамак толтура бербегиле. 7-февраль, 2017-жыл.
nuriyka007 24 жашымда Түштүк Кореяга келип, 9 жыл христиандардын арасында жашагам. Кудайдын каалоосу менен 13, 5 миллион христиандын арасында жүрүп Ислам динин тааныдым. Кореяга экинчи ирет жаман дарт менен келдим да. Эч кимден колдоо жок, ишсиз, күчсүз жалгыз калганда ѳзүмѳ таяныч издедим. Куран китебинин орусча котормосун окууда андагы ар бир аят мен тууралуу жазылгандай таасир калтырды. Намаз окуп, сыйындым.
nuriyka007 Кайрадан ооруканадамын. 22-химияны алууга жүрѳгүмдүн алы келбей жатат. Акылдан азып бараткансыйм. Акыркы учурда башым телефондун дырылдагындай зыңгырайт да турат. Бирин дарылап, бирин оорулуу кылат экенбиз. Эгер мен узакка жок болуп кетсем… Мен үчүн, менин жүрѳгүм үчүн дуба кылып тургулачы.
nuriyka007 Былтыр башым таз, ѳзүм коркуу абалында отуруп бул 37-жашымды жашаарыма ишенген эмес элем. Кудай буйруп бул жаштын аягына да чыктым. Мени колдогондордун баарына ыраазымын. 17-февраль, 2018-жыл.
nuriyka007 Мага бүгүн 3 килограмм дары-дармекти жазып беришти. Чынын айтсам, ушул күндү кѳрѳрүмѳ деле ишенген эмесмин. Бишкектеги тумандуу күндѳрүм ѳтүп жатат. Эжем болсо мен үчүн тынчсызданып кайрадан Кореяга кетишимди кайталайт. Мен ага таарыныч менен “алар эмне, Кудай болуп кетиптирби!” дейм. Анан тозоктун тозогундай оору башталат. 25-апрель, 2019-жыл
nuriyka007 Отурам. Башымда “бул жактан тирүү кетемби же жокпу?” деген бир гана суроо бар. Себеби мен күн санап салмагымды катуу жоготуп баратам. Күнүгѳ бир нече жолу кусуу. Жасалма тамактандырууну сунушташты. Анда жашоонун эмне кереги? Суткасына 22-23 саат бою уктап жатам. Абдан кирдедим, уктап жатканда кѳл-шал түшүп тердейм. Жуунмак турсун тикемден туруп басуу да мага абдан кыйынга туруп калды. Эки уулум менен кызым тууралуу ойлонбогонго аракет кылып жатам. Кудайга сыйынууну да токтотуп койдум. Бир гана Кудайдын бардыгына жана жалгыздыгына күбѳлүк берүүчү келмени кайталайм. Айланадагы кооздуктар мени таптакыр кызыктырбай калды. Тамактын жыты тууралуу айтпай эле коёюн. Жыт келери менен кускум келет. Түнү жанымда медайымдар ызы-чуу болуп чуркап жүрүшкѳн болот. Менин ѳтѳ жогорку дене табыма кыжалат болуп жатышканын байкайм. Тромбоциттин деңгээлин кѳтѳрүү үчүн тамактануумду абдан суранышат. Бирок мендеги тынымсыз жүрѳк айлануу, окшуу тамакка болгон табитимдин баарын талкалайт. Эмне болгон күндѳ да мага кайдыгер карабай, сѳѳгүмдү шариаттын талаптары менен жерге беришиңиздерди суранам. 1-сентябрь, 2019-жыл.
nuriyka007 Жакында тааныштарымдын бири айрым оорулуулар айыгууну каалабай эле оорусун арман кылып жазышарын ѳз постунда жазды. Чын эле кимдир бирѳѳ мени ѳзүн пиарлап жаткандай кабыл алып, акча жасап жатат деп ойлошу мүмкүн. 2 жыл мурун оорум тууралуу жакындарым билген соң вотсапка тынымсыз абалымды сурап жаза башташты. Камкор суроолор башында мени кубандырса, кийин тажатып жиберди. Суроолорго жооп бергенди токтоттум. Бирок жакындарымдын мага карата тынчсыздануусу токтогон жок. Анан инстаграмга баарын жазууну чечтим. Анткени жакындарымдын баары мага катталган, алар мени окушат. Чын эле алар мен тууралу бул жактан окуп, мага кайрылбай калышты. Ал эми мени оорусуна жоопкерчилик албастан арманын жазып жатат дегендер – чыныгы ден соолуктуу адамдар. Ырас, мен баракчамда пессимисттик маалыматтар кѳп экенин билем. Бирок ага карабай катталуучуларым бар. Ѳзүм болсо катталуучулардын санына карабайм. Кыскасы, мен баарын ѳзүм үчүн, анан жакындарым үчүн жазам. Ошондой эле бир күнү балдарым бул баракчадан мен тууралуу билип алуулары да керек. 11-сентябрь, 2019-жыл
nuriyka007 Эки жарым жылдай мурун ѳзүмдү куландан соо сезчүмүн. Чынында, толук кандуу ден соолуктуу элем. Ошол күндѳрдүн биринде инстаграмдан апасы рак менен ооруп калып кеңеш сураган постту окудум. Кѳп ойлонуп отурбай “жаман жагына камына бергениңер эле туура болот” деп комментарий калтырдым. Себеби апамдын ѳлүмүнѳн улам рак таптакыр күрѳшүүгѳ мүмкүн эмес оору деген ойдо элем. Тагдырдын тамашасыбы же жашоо бумеранг деген ушулбу, андан бир нече ай ѳтпѳй ѳзүмдүн рак менен ооруурумду билдим. Анысы аз келгенсип баягы кыздын шылдыңдуу “бир бутуң кѳргѳ кирген абалда экенсиң. Ал дүйнѳгѳ даярданып жатасыңбы?” деген катын алдым. Ошондо ойлонбой комментарий жазуум чоң ката болгонун билдим. Ар бир сѳздѳн мурун ойлонгула, достор. 13-сентябрь
nuriyka007 Жер үстүндѳгү, бул дүйнѳдѳгү жумуштарымды бүтүрүп алууга шашып жатам. Мүмкүнчүлүгүмдүн жетишинче досторум менен коштошуп келатам. Түбѳлүккѳ коштошуу оңой эмес экен. 18-сентябрь, 2019
nuriyka007 Бул сапарыңдын максаты эмне? Сѳѳгүм ушул жакка коюлушун каалайм. Менин майыптар арабамды сүйрѳшүп, жүктѳрүмдү түшүрүүгѳ жардамдашып четке жайгаштырып коюшту. Жүргүнчүлѳр тосуп алуучу адамдары менен жолугуп жатышат. 10 мүнѳт ѳтпѳй келгендер менен тосуп алуучулар тарап кетишти да, аэропорттун залы тынчып калды. Ушул мүнѳттѳрдѳ чемодандары менен жалгыз калган ѳзүмдү ѳзүм ушунчалык аяп турдум. Ушул маалда эжем менен аталаш эжемди кѳрүп калдым. Күйѳѳм алыстан “бери бас, эмне отурасың?” деп кыйкырды. Ѳзүмдү кармай албай кеттим да, “жок дегенде акыркы жолу адамча тосуп алсаң болбойбу?”деп кыйкырдым. Жолду катар ачуу жашымды агызып ыйлап бараттым. Балдарым эч нерсени түшүнбѳй жатышты. Аларды карап ого бетер ичим ѳрттѳндү. Кичинекейимди мыкчый кучактап “оо, Кудай, мен ушуларды кантип таштап кетем?!” деп ого бетер боздодум. Эртеси балам менден эмнеге анча ыйлаганымды сурады. “Жѳн гана сени абдан сагынгам да” деп койдум. 27-сентябрь, 2019
nuriyka007 Жан сыздаткан ооруга карабай кээде сыртка чыгып жатам. Кечээ улуу баламдын мектебине барып класс жетекчиси менен таанышып келдим. Чынын айтсам, таблеткадан таблеткага чейин гана жашап жатам. Кореядан жаздырып алып келген дарылар түгѳнсѳ эмне күн болот, билбейм… Аба ырайы гана кѳңүл кѳтѳрѳт. Салкын, жагымдуу. Ырахаттангыла, достор… 2 күн мурун.
Булак: lady.kg