www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги Никитин көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн жетинчи кабат менен сегизинчи кабаттын ортосунан 14 жаштагы өспүрүм секирип, каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгын басма сөз кызматы маалымат таратты.

Андагы маалыматка ылайык, окуя 11-октябрда, кечки саат 18дерде болгон. Сегизинчи кабаттан секирген өспүрүм тез жардам кызматы келгенге чейин эле алган жаракатынан улам эсине келбей каза тапкан. Учурда өспүрүм мындай окуяга кабылышына эмне себеп болгону аныкталууда.

Окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш иштеринде баардык керектүү соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана соттук-дактилоскопикалык эксперттер дайындалып, иш алып барылууда.

Ал эми WhatsApp мессенджеринде тараган маалыматтарда каза болгон бала ошол күнү эки досу менен бирге супермаркеттердин биринде шоколад уурдап колго түшүп калышкан. Күзөт кызматы үчөөнүн тең ата-энелеринин телфон номурларын алган соң кое бериптир.

“Окуя Чыгыш-5 кичирайонунда болгон. Эки бала үйүнө кайтып, үчүнчүсү келбей калган. Шоколад окуясынан кийин үчүнчү бала уялган го, ал жакын турган кабат үйлөрдүн бирине кирип, 8-кабаттан секирип жиберген”, - деп айтылат “WhatsApp”та тараган маалыматта.

Азырынча акыркы маалыматтын чындыгы канчалык экени тууралуу милиция расмий жооп кыла элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости