www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын ички иштер министрлиги, өлкө ичиндеги “мыйзамдагы уурулардын” так санын аныктап алышты. Анда айтылгандай, кылмыш чөйрөсүндө учурда 432 "мыйзамдагы ууру" бар экен. Алардын ичинен абакта олтургандары – 114, эркиндикте жүрүшкөндөрү – 318. Ал эми иши тергелип жаткандардын саны – 31 болсо, дагы он тогузу издөөдө.

Бул тууралуу маалыматка таянсак, “уурулардын” эң көбү грузиндер - 242 адам, андан кийинки эле орунга орустар – 51, анын артынан армяндар – 30, андан соң күрддөр – 26, абхаздар – 10 жана таң калыштуусу еврейлер – 7 адам экен.

Криминалдардын тизмесин түзүүдө Орусия ИИМине украиналык кесиптештери жардамга келген. Бул эки өлкөнүн саясий тирешүүсү кылмыштуулук менен күрөшүүдө тартип сакчыларга тоскоол болгон жок. Тескерисинче укук коргоо тармактары биргелешип иштөөсүн улантып келишет. Натыйжада, алар бүгүнкү күндүн эң эле коркунучтуу крим төбөлү Надир Салифов (Гули) экенине ынанышкан. Анткени Салифовдун таасири Орусия менен Украинанын аймактарында активдүү.

Белгилүү болгондой, Орусиянын жарандыгы бар дээрлик бүт азербайджандар крим чөйрөнүн өкүлдөрү. Алсак, алардын белдүү делгендери Ильгар Алиев, Талех Даглиев, Эмин Ахмедов, Заур Шипилов, Али Гейдаров, Ульфат Тагиев өңдүүлөр учурда орус абактарында олтурушат. Жакында эле Хажибаба Талыбханлы дегени дагы кармалган. Ал эми Юнус Назаров Өзбекстандын территориясында жашап жатканы белгилүү болсо, Дато Агджабедин көптөн бери Украинаны байырлап калган. Ошондой эле учурда Гули жана Рафет Алибайрамлинск Интерполдун издөөсүндө.

Азербайджандык маалымат булактары тактагандай, булардын ичинен Гули, Юсуф Шамхорск, Вагиф Дипломат, Альберт Рыжый жана Рашад Гянджинск долларлуу миллиардерлер.

Ал эми славян улутундагы “мыйзамдагы уурулардын” ичинен Сергей Аксенов (Аксен Измайловск) жана Владимир Тюрин (Тюрик) миллиардер экенин орус маалымат булактары иликтеп чыгышкан. Аты аталган башка криминалдардын деле абалы ондогон миллион доллар менен эсептелет. Булардын негизги киреше булагы Орусиянын аймагында чогулат.

Алсак, ошол эле Гулинин негизги киреше булагы, орус-украин соодагерлеринин калтасын кагуудан түшөт. Анын жигиттери бизнесмендерди уурдап кетишип, акча талап кылган учурлары өтө көп. Айтмакчы, мына ушул иш боюнча орусиялык укук коргоочулар Гулиге издөө салышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости