www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда, Баку шаарында (Азербайжан) Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТТМКК) Жетинчи жыйынына катышуунун алкагында Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту.

Жолугушуу Баку шаарына учуп келээри менен Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортунда өттү.

Кыргызстан менен Казакстандын эки тараптуу кызматташтыгы боюнча пикир алышуу болду.

Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевдин Түрк кеңешинин ардактуу төрагасы болуп шайланышы жана Түрк дүйнөсүнүн Жогорку ордени менен сыйланышын куттуктады. Орденди тапшыруу эртең, 15-октябрда, ТТМКК жыйынында болот.

Президент Сооронбай Жээнбеков дагы бир жолу Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү, союздаштыкты жана ынак кошуналык мамилелерди орнотууда жана бекемдөөдө Нурсултан Назарбаевдин жеке салымын белгиледи.

Казакстандын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев кайрадан жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө кубанычта экенин баса белгиледи. Ал мамлекет башчыларынын кызматташууну жана ынак кошуналык мамилелерди тереңдетүүгө багытталган бардык аракеттерин колдой турганын белгиледи.

Жолугушууда эки жана көп тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн жана өнөктөштүктүн түрдүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну күчтөтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

 

Последние новости