www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталында 23-ноябрдан тарта дайынсыз жоголгон Мактым Кожонованын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнан билдиришти .

Маалыматка ылайык, маркумдун денеси милиция кызматкерлери тарабынан өзү жашаган үйдөн 200 метрдей аралыкта өскөн тикенектин арасынан табылган. Анын маасысын иттер короого көтөрүп келген. Милиция маасы аркылуу издөө иштерин жүргүзгөн. Маркумдун денеси Баткен облустук бириккен ооруканасынын өлүкканасына берилип, атайын экспертиза дайындалганы белгилүү болду.

 

Белгилей кетсек, 23-ноябрь күнү Баткен шаарынын Кызыл-Жол айылынын 45 жаштагы тургуну Мактым Кожонова үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Мактым Кожонова ошол күнү, түн ичинде кызы менен дааратканага чыгып, кызын үйгө кире бер деп, өзү ошол бойдон дайынсыз болуп жатканынын маалымдаган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости