www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Корея Орусиянын коронавируска каршы вакцинасын жана кытайдын термографтарын сатып алды.

Азыркы тапта канча вакцина сатып алынганы боюнча так маалымат жок. Бирок алдын ала маалым болгондой, Түндүк Корея биринчи мамлекеттик кызматтагыларды эмдеп баштаган.

Белгилей кетчү жагдай, вакцинанын коопсуздугуна көзү жетмейинче Ким Чен Ын аны колдонбой турганын айткан.

Ошондой эле Кытайдан сатылып алынган термографтар Кытай менен чектешкен өткөрүү пункттарына орнотулаары күтүлүүдө. Муну менен Түндүк Корея тышкы экономикалык байланыштарды акырындап калыбына келтирүүгө ниеттенип жаткандай. Белгилей кетсей, Түндүк Кореянын тышкы соодасынын 98% Кытай менен жүргүзүлөт.

Эске салсак, октябрь айында Түндүк Кореянын Кытай менен тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 99% га кыскарган, өлкөдө продуктулар жетишсиз болуп, май жана кумшекерге болгон баалар 2-10 эсе өскөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости