www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Турат Акимов:

Акыркы учурда Кыргызстанда өлүк маселеси көтөрүлүп, айрым эл өкүлдөрү элдин маселесин көтөрбөй, өлүк маселесине өттү. Бул тууралуу социалдык тармак дүрбөлөңгө түшкөнү менен бийлик тарап үн ката элек. 

Белгилүү журналист Турат Акимов жарлык тууралуу мал союлсун-союлбасын деген талаш боюнча пикирин жеке баракчасына:

-- Мал союлсун-союлбасын деген талаштан чыккан сөз. Кээ бир адамдар салт жөнүндө интервьюмду окуп - мени боктоп баштады – мал союлбасын, сен президентке каршы сүйлөбө деп. Ошол туугандарга түшүндүрмө.

Эмнеге арабдар сөөктү тез көмөт? Арабия чөлүндө 50 градус ысыкта сөөк бат чирийит. Ошондуктан арабдар маркумду бат көмөт, кумду ачып көмө салат.
Эмнеге арабтар көрүстөн койбойт - анткени кум-бархан жылып турат, орду бат эле дайынсыз болуп калат.

Кыргыздар тоодо жашаган. Жерибиз супсак, таштак, муз, гранит, мрамор болгон - 1 саата казалбайсын - өзгөчө кышкысын. Күрөк жок болгон, кээде балта, кылыч, канжар менен жер казылган.

Андан тышкары көрүстөндү ар-дайым бийиик кургак жерге койчу – сөөккө суу тийбесин деп маркумдун арбагын барктачу. Маркумдуда сый-урмат менен узатыш керек, жаназага келип, үн чыгарып, топурак салгандарга дагы ыраазычык кылат. Кыскасы, мээңерди иштеткилечи,  - деп жазып чыкты. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости