www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Усубалиев 1916-жылдын аягында  1917-жылдын башында  кыргыздар Кытайга үркүп барган мезгилде Сабитахун деген уйгурдун үйүндө туулуптур дешет. Ошондуктан, анын аты Турдакун деп коюшса керек. Кээ бирөөлөр айткандай ал уйгур эмес, Калыгул Бай уулунун небересинин небереси. Кыргызстан КП БКнын биринчи секретары болсо да “өз көлөкөсүнөн өзү коркуп”, бабасы Калыгулдун “Замана” тууралуу жазгандарын чыгаргандан корккон. Михаил Горбачев  кайра куруу желаргысын алып келгенде да Москваны жалт-жалт карап, бабасы Калыгулду чыгарбай, Абсамат Масалиев келгенде чыга баштаган.

1982-жылы ноябрда Леонид Ильич Брежневдин көзү өтүп ордуна Юрий Андропов келет. Андроповдун учурунда Усубалиевди алуу боюнча биринчи аракеттер башталат. Арийне, Андропов узак жашабай, ордуна Усубалиевдин “партшколдогу” бирге окуган группалашы Константин Устинович Черненко бийлик башына келип, Усубалиев ага таянып чамгарактап Кеңеш Кулматовду Бостонов мафиясына таяп, Москваны көздөй кубалап жиберет. Кызыгы, 1985-жылы мартта бийликке келген Михаил Горбачев менен Кулматовдун жубайы, Султан Ибраимовдун көзү өткөндө Кыргыз ССРинин прокурору болуп Бостоновдорго жан тарткан  Сакен Кадыралиева юрфакта бирге окушкан болот. Кулматов жубайынын группалашына таянып, Усубалиевди бийликтен жок кылат.

1961-жылдын 8-майында Хрущевдун убагында, кырктын кырындагы кыпкызыл туфли кийген Усубалиев кызматка келгенин, ал кездеги башкарма катары пленумга катышкан атам айтып калчу. Усубалиев бийликте турганда кызматка көтөрүлө турган адамдардын делосун карап, Нарын,Талас десе делосун ыргытып жиберчү дечү атам. Ош, Ысык-Көл, Чүйлүктөрдү “без бой” көтөрчү экен. Нарындыктарды жердештерин көтөрүп жатат деген сөз болуп кетет деп Москвадан чоочучу экен. Таластыктар бийлигин талашып, аз жерден алып койо таштаган, ошондон улам аларды көтөрбөсө керек.

Атам Усубалиев менен согуш алдында экөө тең Кочкордо завуч болушуптур. Атам согушка кетет, Усубалиев райкомдо “замзавотдел”, анан КП БКда инструктор болуп жүрүп, 1945 – 1955-жылдары Москвада, КПСС БКда Кыргызстан менен Өзбекстандын маалыматын тейлеген инструктор болот. Андан соң “Советтик Кыргызстан” гезитинин Башкы редактору, КП БКда бөлүм башчы, Бишкекте мэр, 1961-жылдын 8-майынан республика жетекчиси болгон. Пединститутту кызыл диплом менен, “Партшколду” артыкчылык менен бүтүргөн.

Кочкорлуктарды Бүбүкан эже көздөптүр. Атама жолуккан сайын: “Иштесең боло Кеке”-дечү экен, атам көп балалуу болгон чоң кызматка барбай “энем карган, балдарым жаш” –деп райОНО, башкарма, директор болуп өттү. Оппозициядагы Усубалиевди депутат кыларда атам күйөө баласы Акаевдин республикалык штабын жетектегенге карабай, Усубалиевди колдоп, элди, балдарын колдоого чакырып, Усубалиев да атама окшогондорго басым жасап, 1995-жылы Акаев каршы чыкканына карабай Кочкордо 90 пайыз менен өтүп кеткен.  

Усубалиевдин кичи мекени Кочкорго жан тартканы: күчтүү иштеген райкомду Кочкорго жибере турган. Кадыракун Базарбаев деген мыкты райкомду Тянь-Шандан алып Кочкорго жиберет. Базарбаев келатса эгиндин четинде торпоктой койлор оттоп жүрүшөт. “Жок кылгыла” -деп койот,жанындагылары райком жоготкула деп атат дешсе, койлордун барын мууздап салышат. Көрсө,  койлор Усубалы аксакалдыкы экен, түнү боюу Кочкорду кыдырып кой издетип койлорду кайра тургузат. Кулубек Мөкүшов Теңдиктин башкармасы Бүбүкан эженин кареги менен тең айланып, Усубалынын койлорун шефке алып, анча-мынча райкомдорду теңине алчу эмес экен. Кадыракун Базарбаев бөлмөсүнө кийирип алып сабап салып, ушулардан улам Усубалиев Совет районуна райком кылып которуп жиберген. Азыркы президенттин атасы Шарип Жээнбеков Совет районунун Керек-Жарак Союзун тейлеп, экөө пикирлеш адам болгон. Кочкорго Усубалиев райкомдордун дагы бир мыктысы Корчубек Акназаровду алып келген.

Усубалиев жашын кичирейтип 1919-жылдын 6-ноябрында туулган күнүн белгилеп жүрөт. Анын паспорту боюнча 100 жашка толот.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости