www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Колумбиялык легендарлуу наркобарон, саясатчы Пабло Эскобардын бир тууган агасы Роберто Де Хесус Эскобар Гавиоия өзүн "Пабло Эскобар" соода маркасынын ээси деп жарыялап, pabloescobar.com сайтын сот аркылуу кайтарып алды. Ошондой эле ага 3 миллион доллар компенсация да төлөнмөкчү. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Сайт азырынча иштебей эле турат, Роберто Эскобардын айтымында, сайт 2020-жылы иштеп калат жана ал сайт аркылуу баасы 249 доллар турган огнемоттор жана башка товарлар сатылат.
Мурда Роберто Эскобар америкалык ойлоп табуучу жана бизнесмен Илон Маск 2017-жылы анын огнемотторду чыгаруу идеясын уурдап алды деп жарыялаган болчу. Эскобар чыгарып, саткан огнеметтор кандай максатта колдонулаары азырынча белгисиз. Роберто Эскобар өзү “бул акчаны өрттөгө керек” деп тамашалап келет.
Булак: NazarNews.kg