www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-октябрда “мыйзамдагы ууру” атыккан Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум өтөт. Бул тууралуу Биринчи Май райондук соттун басма сөз кызматы маалымат таратты.

Ошол эле учурда аталган соттук отурумга мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин УКМКнын СИЗОсунан чыгып катышууга макул болобу же жокпу деген маселе көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып турган учур. Себеби, ушул эле Батукаевдин иши боюнча 11-октябрда өткөн соттук отурумга Атамбаев протест катары катышуудан баш тарткан. Анда Атамбаев менен биргеликте мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКтын мурунку кеңешчиси Калыбек Качкыналиевдер чакырылган болчу.

Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесаровдун билдирүүсүнө ылайык, мурунку президент бүгүнкү соттук отурумга катышууга макул болоор-болбосу азырынча ага да белгисиз. Анын айтымы боюнча, Атамбаев өзүнүн кармалышы мыйзамсыз экендиги катары протест көрсөтүп жатат.

Эскерте кетсек, Батукаевдин 6 жыл мурун түрмөдөн мыйзамсыз чыгарылышы боюнча 19 адам айыпталууда. Алардын арасында мурунку президент Алмазбек Атамбаев да бар. Айыпталып жаткан 19 адамдын 17си тергөө иштери менен кызматташууга макулдугун билдирген соң эркиндикке чыгарылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости