www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда мамлекетте саясий жана экономикалык абал туруктуу. Элдин аӊ-сезимин бузуп, чагымчылдык чакырыктар менен алаксыткан эски саясатчылардын саркындысы дагы азайды. Жалпысынан мамлекет бардык тармактан алдыга жылууга багыт алды. Салыштырып айтканда:

Мамлекет сырттан карыз алганды токтотту. Буга чейинки өлкө башчылар, айрыкча Алмазбек Атамбаевдин убагында карыз алуу дээрлик жогорулап кеткен. Ал тышкы саясатты, сыртка жасаган сапарларын карыз сурап, тилемчилик кылуу менен эле өткөргөн. Жөн гана карыз сурап алып келбестен, башка элге сапарга чыгып келгенде уятка калып, оозуна келгенди сүйлөп элди эчен жолу жер каратчу. Ал тургай президенттик мөөнөтүндө көп экономикалык диверсияларды жасаган.

Алар:

Мугалим жана врачтардын айлыктарын көтөрүүдө – сырттан карызга алып келген акчаларды берген. Карызга алынган миллиондогон суммалар өнүдүрүшкө эмес, айлык маяналарга кеткен. Алмазбек Атамбаев жасалма жол менен айлыкты берип, элди карызга белчесинен батырган. Бул туурасында экономисттер жакшы билишет.

Карызга алынган каражаттар менен ири долбоорлор ишке ашмак, тилекке каршы чыккынчылык менен жасалган мамиледен улам Бишкек ТЭЦинин модернизациялоого, Тарых музейинин ремонтуна бөлүнгөн акчалар уурдалган. Ал гана эмес 150 000 000 доллар менен ишке аша турган долбоорду, 386 000 000 долларга кымбаттатып келишим түзүшкөн. Ашыкча келишим түзүү менен ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев өз командасы Сапар Исаков ж.б мамлекеттин казынасын каӊтарып кетишкен. Жыйынтыгында мамлекеттин карызы Алмазбек Атамбаев башкарган жылдары эки эсеге кескин көбөйгөн. Алмазбек Атамбаев белгисиз, дарегин атабаган кирешелери менен Кой-Ташка хан сарай курду. Бишкектин так ортосуна мечит салды. Өзүн “долларовый мультимиллионер болдум” –деп жарыялады. Президенттик мезгилинде Алмазбек Атамбаевге таандык завод же ири ишканага курулганын уккан жокпуз. Мамлекетке алынган кредитти уурдагандан тышкары, Алмазбек Атамбаев уулдарына башкарткан компаниясы аркылуу элди дагы тоноду. Алар электр энергиясына ортомчулуук кылып, ГЭСтен алып элге сатып пайда көрүштү.

Ушундай кыянатчылык менен Алмазбек Атамбаев мураскери Сооронбай Жээнбековго карызга баткан, казынасы таланган, экономикасы талкаланган Кыргызстанды таштап кетти. Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө “Мен барда карыз алып алгыла, кийин бербей коет!”-деп балп этип алганы бар. Чынында эле карыз алуу эмес, 2020-жылдан ары карай карыздарды төлөө мезгили келди.

Сооронбай Жээнбеков президент болгондон тартып сырттан карыз алуу дээрлик токтоду. Ал тургай сырткы карыздын бир канча пайызы быйыл төлөндү. Жээнбеков 2 жыл Алмазбек Атамбаевдин тоскоолдук кылганына карабай андан калган мусорлорун тазалап жатты. Эки жыл ичинде ири коррупциялык иштердин бети ачылып, ага тийешеси бар адамдар камакка алынды. “Чын чычалайт..”-болуп камакка алынган Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Албек Ибраимов, Икрам Илмиянов, Алмазбек Атамбаев, Кубаныч Кулматовдор түрдүү амалдарды кылышып, “саясий өч алуу болуп жатат”-деп азыркы күнгө чейин айтып жатышат. Саясий өч алуу дегенге эч кандай негиз жок. Биринчиден Сооронбай Жээнбеков менен булар саясий душмандар болушкан эмес. Алмазбек Атамбаев түрдүү амалдарды кылып, президенттин ачуусуна тийип, “Сооронбай Жээнбеков шайтан, динсиз, мусулман эмес”-деп айтканына карабай сабыр кылып унчуккан жок. Акырында чектен чыгып, Кой-Таш элдик республикасы деп жарыялап, мыйзамдуу сурактан баш тартып, кайра бийликти күч менен басып алууга аракет кылып, барган жоокерлерди атып өлтүрүп жиндилик салды. Чектен чыккан маалда анан Алмазбек Атамбаев колго түшүрүлүп, камакка алынды. Өлкөгө бүлүк салгысы келген эскинин эӊ акыркы калдыгы түрмөгө түштү.

Ушундай тынчы жок болгон 2 жыл аралыкта бир топ жылыштар болду.

Кошуна мамлекеттер менен мамиле жакшырды, маселелер чечилип, жөнгө салынды. Казакстан менен акыркы убакта жүз карашкыс болуп, чек-ара жабылып калган болчу, азыр стабилдүү. Өлкө башчысы бир катар мамлекеттик иш сапары менен башка мамлекеттерге барды. Бир топ ири мамлекеттин жетекчилери Кыргызстанга келишти. Демек, дүйнөлүк коомчулук дагы Кыргызстан менен эсептешип, кызматташууну максат кылып келип жатат деп айтсак болот. Кредиттик эмес, гранттык негизде акчалар келип, алар санариптештирүү, иригация жана таза суу чыгаруу багытына жумшалып жатат.

Тышкы карыздын көлөмү 0,2%га азайды. Кыргызстандын Россияга болгон 240 000 000 доллар карызы кыскарды. Ушул жылга карата мамлекеттин бюджетинен 15 мектептин курулуш ишине акча-каражаты бөлүндү. Мугалимдердин айлыгы 2019-жылдын октябрь айынан тарта 30%га жогорулады. Чек-арага жакын жайгашкан аймактардын шартын жакшыртуу максатында мамбюджеттен 220 000 000 сом бөлүндү. Пенсия жана жөлөк пулдарды алуудагы шарттар жеӊилдетилди, бир катар талап кылынган документтер кыскарып, жөнөкөйлөштүрүлдү. Каралбай калган миӊдеген гектар айдоо жерлерине суу чыгарылып, таза суу көйгөйү бар жерлерге суу чыгарылды. Президенттин өзүнүн көзөмөлү менен таза суу чыгаруу долбоору мамлекеттин көпчүлүк бөлүгүн камтып бара жатат. Мындай иштер эч кандай кредити жок ички булактар жана сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен чечилген кайтарымсыз гранттар менен аткарылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости