www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн 14-октябрда Азербайжандын баш калаасы Баку шаарында, Түрк тилдүү мамлекеттердин Тышкы иштер министрлери кезектеги жыйыны болот. Ага өлкөнүн министри Чыңгыз Айдарбековдун катышары тууралу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти кабарлады.

Маалыматка караганда, тараптар 15-октябрда өтө турган Түрк кеңешиндеги мамлекет башчыларынын жыйынына даярдыкты талкуулашат.

Белгилей кетсек, жыйынга катыша туруучу ТТМККга мүчө-мамлекеттердин министрлеринен тышкары Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов жана Венгриянын Тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто дагы бар.

Эске сала кетсек, өткөн 2018-жылы Кыргызстан Түрк кеңешине төрагалык кылган. Анда, Өзбекстан бул кеңешке толук укуктуу мүчө катары кошулган болучу. Ошондой эле Түрк кеңешинин европадагы бөлүмү катары, Венгриянын борбору Будапешт шаарында өкүлчүлүк ачылганы айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости