www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өтө ири өлчөмдөгү пара алган деп айыпталып жаткан Транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевдин жаза мөөнөтүн 9-октябрда Бишкек шаардык соту эки жылга кыскартты. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, мындан мурун Бишкектеги Биринчи Май райондук соту экс-чиновникти күнөөлүү деп таап, 14 жылга эркинен ажыраткан болчу.

Эске салсак, Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 2018-жылдын декабрь айында 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Азимкан Жусубалиев "Тоdini" (Италия) деп аталган компаниядан жалпы жонунан пара катары 520 миң доллар сурап, буга чейин анын 120 миң долларын колуна алганын, калган бөлүгүн да кийинки апталарда алууну пландаган.

“Тоок уурдаган түрмөдө, миллион уурдаган эркиндикте” деген сөздүн аткарыла баштаганы ушул. Дагы азыраак убакыттан кийин бул экс-чиновник эркиндикте жүрүп калса таң калбай турган деле заманда жашап жатабыз го...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости