www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коррупция беренеси менен айыпталып жатышкан Алмазбек Атамбаев, Индира Жолдубаева, Абдухалим Раимжанов жана Калыбек Качкыналиевдердин кылмыш иши жабык сот отурумунда каралууда.

Ал эми жабык отрум КР Жазык-процесстик кодексинин 275-беренесине ылайык келерин Жогорку соттун маалымат кызматы билдирет. Ага таянсак, аталган иш 2019-жылдын 3-октябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүнө алынган. Учурда ал ишти караган судья Эмилбек Каипов тараптардын катышуусу менен алдын ала угууларды өткөрүүдө.

Эми КР Жазык-процесстик кодексинин 270-беренесине ылайык, сот өзгөчө оор кылмыштар боюнча бөгөт коюу чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчтөрдү кароого байланышкан маселелерди чечүү үчүн алдын ала угуу жүргүзөт. Бул боюнча, 2019-жылдын 7-октябрында соттун токтому чыккан.

Белгилей кетсек, айыпталуучу экс-президент Алмазбек Атамбаев сот отурумуна келүүдөн баш тартып, сотко алынып келинбегендигине байланыштуу алдын ала угуу бүгүн, 14-октябрь саат 14:00гө жылдырылган болчу.

Эске сала кетсек, 7-8-августта ИИМдин Кой-Таштагы операциясынан кийин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев багынып берген. Бирок, анда жаңжал курчуп, жыйынтыгында УКМКнын бир кызматкери ок жеп каза тапса, Чүй ОИИББинин жетекчиси Самат Курманкулов оор жаракат алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости