www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бабанов, Зарылбек Рысалиев, Юсупов болуп бирөөлөр оозун тырмагансып “Ата-Мекен” партиясын “мародерсуңар” деп айтып жүрүшкөнүн унутуп калгандай. “Ата-Мекендин” лидерлеринин бири Болот Шер шердигин кылып Бабановго эки ок берип жана “эгер менин мародерлугумду далилдебесең бир ок чекеге барып кадалсын” деген катты жазып жиберген. Бабанов Болот Шердин мародер экенин далилдей алган жок, бирок “Ата-Мекен” партиясынын мүчөлөрү Райкан Төлөгөнов, Турат Мадылбековдордун 2010-жылы 7-апрелинде мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин үйүн талоонго алгандыгы тууралуу маалыматтарды чыгарган. Кызыгы, мародерлор  Райкан Төлөгөнов, Турат Мадылбековдорго эч кандай кылмыш иши козголгон жок. Алардын ордуна Маевскийдин жалган айгагы менен Текебаев, Чотоновдорду Атамбаев караңгы камакта жазыксыз кармап турду. Парадокс, бийликтегилердин шермендечилиги ушундай Текебаев камактан бошоноор менен Руслан Казакбаевдин тоюнда Атамбаевди, анын жубайы Раиса Атамбаеваны, уулу Кадырбек Атамбаевди айга-күнгө теңеп жиберди. Кечээ эле өзүн мародер атаган “тёзкасы” Өмүрбек Бабанов менен көз ирмешкис досторго айланып калышында бир мандем бар. Анткени, түбү бул жакындашуу Бабанов, Атамбаев, Текебаев үчөөнү кошот да бийликке каршы чоң күчкө айлантышы мүмкүн. Лекин, бийлик кимдин колуна тийсе да бири-бирин сыгарын турмуш көрсөттү.

 Бабанов эмнеге чамгарактап калды? Бүгүнкү күнү ал Орусия, Казакстанга байма-бай каттап 2017-жылы президенттик шайлоодо аны колдогон саясатчы, бизнесмендер менен кайрадан шынаарлаша баштаганы парламенттик шайлоого көрүп жаткан камы. Программа-минимум катары  парламенттик шайлоодо азыркы бийликтин таш-талканын чыгарса, программа-максимум катары матч-реванш алып 2023-жылы президенттик шайлоодо эки тизгин, бир чылбырды колго алуу. Ошондуктан, Бабанов шайтан менен болсо да биригиши мүмкүн. Ал эми президент болуп турганда Бабановдун мойнуна кылмыш жазасын үйүп, Москвага чейин кубалаган Атамбаев менен мародерсуң деп чукулап жүргөн Текебаев шайтандан көрө жакшы эмеспи?

Орус-кыргыз өнүгүү фондунан 17 миллион доллар насыяны 4 пайыз менен алып, мыйзамсыз соода точкасын курууга жумшап, “Азия Моллду” курган. Бийликтин оозун “Азия Молл” соода точкасын берип жаап коюптур деген сөз аралап жүрөт. Эгер “Азия Молл” соода точкасын алып колун ушалап бийлик унчукпай калса, өзүнө сокку алышы мүмкүн. Анткени, Жээнбеков президентке талапкер учурунда  Бабанов менен дебатка чыгып: “Эй, балапан, накта коррупционер сенсиң. Эгер мен президент болсом коррупция менен күрөшүүнү сенден баштайм” –деген. Президент болду, ал эми Бабанов болсо чамгарактай баштады.    

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости